Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
622 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларында талапкерлерди окууга кабыл алуу жараяны дээрлик аяктап гана баратат. Булардын арасында Ош көп профилдүү колледжи дагы бар. Кабарчыбыз ыңгайын таап, аталган билим уясына баш бакты. Айтмакчы, заман талабына жараша Ош көп профилдүү колледжи дагы каржы, салыктар жана салык салуу, […]
623 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларында талапкерлерди окууга кабыл алуу жараяны дээрлик аяктап гана баратат. Булардын арасында Ош көп профилдүү колледжи дагы бар. Кабарчыбыз ыңгайын таап, аталган билим уясына баш бакты. Айтмакчы, заман талабына жараша Ош көп профилдүү колледжи дагы каржы, салыктар жана салык салуу, […]
ОШ КӨП ПРОФИЛДҮҮ КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА БЕЛЕНДЕЙТ
07.08.2024 / Автор anarkan_kg624 Бардыгы /
Ушул тапта Кыргызстандын Түштүк баш калаасындагы жогорку жана атайын орто окуу жайларында талапкерлерди окууга кабыл алуу жараяны дээрлик аяктап гана баратат. Булардын арасында Ош көп профилдүү колледжи дагы бар. Кабарчыбыз ыңгайын таап, аталган билим уясына баш бакты.
Айтмакчы, заман талабына жараша Ош көп профилдүү колледжи дагы каржы, салыктар жана салык салуу, экономика жана бухгалтердик эсеп, менеджмент, компьютердик системалар жана комплекстер, товар таануу жана керектелүүчү товарлардын экспертизасы, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарды окутуу, англис тили, укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу адистерин белендегенге бекем ыктады.
-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин атайын буйругуна ылайык биздин коллежибиз 1-, 2- жана 3-турду дээрлик аяктады. Ал эми ушул тапта 4-тур ийгиликтүү жүрүп жатат. Сынак 5-тур менен ушул жылдын 20-августунда гана аяктайт, – деди Ош көп профилдүү колледжинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Венера АВЫТОВА. – Быйыл бюджетке 60 гана орун, ал эми контракка ар бир адистикке 50дөн орун ажыратылды. Бизде сырттан эле окуганга дагы мүмкүнчүлүк бар.
Баса, Ош көп профилдүү колледжин бүтүргөндөрдүн басымдуулугу ушул тапта өз кесибин гана аркалап келатышат.
Жумакадыр БААТЫРОВ, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда товаровед-эксперт: – Мен биргездеги Ош сооода-экономикалык коллежин (ал эми азыркы Ош көп профилдүү колледжин) бүтүргөнүмө абдан сыймыктанам. Рыноктун катаал талабынга ылайык кесипти тандаганда мен адашпаган экенмин. Соңку кезде соода тармагы Кыргызстанда ыкчам өнүгүп баратпайбы. Кудайга шүгүр, ошого жараша кардарларыбыз дагы ыраса калыңдады.
Бекзат ТУРАБЕКОВ, Орусиянын Тюмень облусунун тургуну: – Мен Ош көп профилдүү колледжинин салыктар жана салык салуу адистигин аяктагамын. Ошондон бери Орусияда үзгүлтүксүз эмгектенип келатам. Бул жакты мыкты кадарларды абдан жогору баалашат. Анан дагы ыңгайына жараша бара-бара көтөрмөлөп-өстүрүп жатышат.
Гүлжайна АЙЫЛЧИЕВА, Ноокат району, башталгыч класттарды окутуу адиси: – Куш уядан эмнени көрсө, учканда дал ошону гана алат эмеспи. Пендезаты деле ошондой. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бекеринен “Күн сайын адам болуу кыйын экен!” деп зарлабаптыр. Андыктан, мен мугалимдик кесипти бекер тандабаптырмын. Бүгүнкү күндө келечек муунубузду окутуп-тарбиялоого катышып жатканыма чындап сыймыктанам. Анткени, Кыргызстаныбызды дал ушулар ар тараптуу көтөрүп, андан ары ырааттуу түрдө өнүктүрөөрүнө менин кымындай шегим жок!
Айтмакчы, быйыл бүтүндөй Кыргызстанда жогорку жана атайын орто окуу жайларына тапшыруу түйшүгү ого бетер жеңилдеди. Мындайча айтканда, окууга кабыл алуу он-лайн форматында (таризинде) жүргүзүлүп жаткан чагы. Талапкерлер окууга өтүшкөндө гана керектүү документтерин жогорку жана атайын орто окуу жайларына тапшырышып, андан ары билим алуусун ыраатуту улантышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
22.05.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛ-АБАД” САНАТОРИЯСЫНДА МИНЕРАЛДЫК СУУ АРАЛАШКАН БАССЕЙН АЧЫЛДЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ АКЧА ТОПТОП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.