Аймак

ПАРИЖДЕ ӨТКӨН ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ПАРИЖДЕ ӨТКӨН ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 459 Бардыгы /

Франциянын борбору Париж шаарында “Станд де Франс” аталышындагы стадиондо Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү. Иш-чарада Олимпиада өткөрүү укуктарын АКШга салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди. Эми туура төрт жылдан, тагыраагы 2028-жылы XXXIV жайкы Олимп оюндары Лос-Анжелес шаарында өтмөй болду.

Олимпиада оюндарына 206 мамлекеттен 10миң 500 спортчу катышып, спорттун 45 түрүнөн 329 медаль топтому ойнотулду.

Ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып, анда сууда сүзүү, спорттук күрөш (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш), жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты. Аталган мелдеш 26-июлда башталып 11-авгуска чейин уланды.

Анда спортчулар 6 медаль жеңишип, анын ичинен 2 күмүш жана 4 коло алышты. Ошентип жалпы командалык эсепте 6 медаль менен Кыргызстан 68-орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышса, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло медаль утту.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17