Аймак

ОШ ШААРЫНДА 95 ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАЙТАРЫМСЫЗ 100 МИҢ СОМДОН ТАПШЫРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА 95 ҮЙ-БҮЛӨГӨ КАЙТАРЫМСЫЗ 100 МИҢ СОМДОН ТАПШЫРЫЛДЫ

 114 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Алымбек датка этно борборунда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөргө ишкердикти баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Аталган иш-чарага Ош шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова катышышты. Иш-чаранын алкагында 2022-2023-жылдарга карата Социалдык келишимдин негизинде жардам алган ишкерлердин продукцияларынын жарманкеси дагы уюштурулду.

Белгилесек, “Социалдык келишим” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашырылып, үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгып кетүү аракеттерине үндөп, каржылык көз карандысыздыкка көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга гана багытталган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17