Аймак

МИНИСТР ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ТУРГУНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ ТЫҢДАДЫ

МИНИСТР ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ТУРГУНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНДЕ ТЫҢДАДЫ

 108 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ош жана Жалал-Абад облусунун майыптуулугу бар тургундары менен жеринде жолугушту.

Министр Жылдыз Полотованын баамында, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жашаган майыптыгы бар жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу менен гана алектенет.- Жыл башынан бери майыптуулугу бар адамдар өткөн жылга салыштырмалуу өз алдынча жүрүү каражаттары, протездик-ортопедиялык буюмдар жана башка каражаттар менен 20 пайызга көп камсыз этилди.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого бюджеттен 55,9 миллион сом каралган. Кресло-коляскалар жана санаторийлерге жолдомолор дагы акысыз берилет, – деп кошумчалады Жылдыз Полотова.Ал эми жолугушуунун катышуучулары Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин Ош шаарындагы филиалында чоңдор менен майыптыгы бар балдарды реабилитациялоону уюштурууну, коляскалардын жана башка буюмдардын сапатын жакшыртууга көңүл бурууну өтүнүштү. Ошондой эле медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, майыптуулук фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, майыптуулук тобун аныктоо, майыптыгы бар адамдардын реабилитациядан өтүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү туурасын дагы суроолор узатылды.

– Министрлик тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптуулук көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө карата мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. МСЭК системасында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана четтетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө МСЭКтердин 25 пайыздан ашыгы адам факторун алып салышты жана бардык зарыл документтерди саламаттык сактоо мекемелеринен онлайн режиминде алышууда, – деди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова.Айтмакчы.

Соңку тапта Кыргызстандагы бардык министрлер Аймактарды кыдырышып, көйгөйлөрдү жеринде тыңдашып, айрымдарын жеринде эле чечкенге бекем ыкташты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17