Аймак

НООКЕНДЕ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАНДАРГА АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

НООКЕНДЕ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАНДАРГА АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

 255 Бардыгы /

Ноокенде селден жабыркаган жарандарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын билдиришти. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-июлундагы ПТ № 160 сандуу тескемесине ылайык, 2024-жылда сел кырсыганан жабыркаган, авариялык абалга келген турак үйлөрдүн ээлери Момбеков жана Э. Алиев айыл аймагынын тургундарына Президенттин акчалай жардамы жеткирилди.

Сертификаттарды Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков тапшырып, берилген каражаттарды туура пайдалануусун жана көзөмөлгө алынарын эскертип, район аймагында башка мындай кырсыктар катталбасын деген тилектерин билдирди.

Жыйындын соңунда селдин кесепетинен курман болгондорду эскерип курат окулду.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17