Аймак

ССМ: МАЙМЫЛ ЧЕЧЕК ООРУСУ БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ ТУРУКТУУ

ССМ: МАЙМЫЛ ЧЕЧЕК ООРУСУ БОЮНЧА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ ТУРУКТУУ

 258 Бардыгы /

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусунун катталбагындыгын жана бул оору боюнча эпидемиологиялык абал стабилдүү экендигин билдирди.

Маалыматка караганда, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаал жарыялады.

Анда Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүп, жыл башынан бери Конго өлкөсүндө ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн ашканын жана ооругандардын саны 15 миң 600 адамды түзгөндүгү айтылууда.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17