Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
244 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 5 жаштагы кызды үйүнөн уурдап кетип, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттерди жасоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул туурасында Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 14-августундагы өкүмүнүн негизинде айыпталуучу Э.уулу З. Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (Адамдын жеке менчигинде же […]
245 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 5 жаштагы кызды үйүнөн уурдап кетип, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттерди жасоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул туурасында Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 14-августундагы өкүмүнүн негизинде айыпталуучу Э.уулу З. Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (Адамдын жеке менчигинде же […]
КАРА-СУУДА БЕШ ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН ЖАРАН ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
20.08.2024 / Автор anarkan_kg246 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 5 жаштагы кызды үйүнөн уурдап кетип, сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттерди жасоого айыпталган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул туурасында Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 14-августундагы өкүмүнүн негизинде айыпталуучу Э.уулу З. Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү (Адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка обьекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү), 165- беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (он төрт жашка толо элек баланы уурдоо) жана 155-беренесинин 4-бөлүгү (жабырлануучуга, же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен күнөөлүү деп табылды.
Ошентип, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 жылга; – Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга; Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн (эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кыйла катуу эмес жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат) негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло Э.уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылды.
Ошентип, беш жашар кызды зордуктаган жаран жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөмөкчү. Баса, өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНГАН С.ИБРАИМОВ КӨЧӨСҮН АЧТЫ
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
-
-
19.09.2023 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “ДОТАЦИЯДАН БОШОНУУ АРАКЕТИБИЗДИ АКТИВДЕШТИРДИК!”
Маек
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.