Аймак

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР УЛАНТЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР УЛАНТЫЛДЫ

 99 Бардыгы /

        Акыркы бир жума бою Баткен шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны кызуу жүрдү.

Ошентип, аталган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну кызуу улантышып, калган тилкелерде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сын-сунуштар менен өз ара алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго дагы кол коюлду. Кыргыз Өкмөтү жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөндүгүн ачыктады. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келерки аптада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги кездешүүдө дагы улантылаарын кошумчалашты.

Айтмакчы, жумушчу топтордун мурунку жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары – Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов дагы катышышкан. Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып калаарын айткан эле.

Баса, коңшулаш эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылгандыгын айтышкан. Бирок, чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол жана жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар катталып келаткан. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада а түгүл кандуу кагылышуулар дагы жүз берген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17