Аймак

Ульмасбек КАДЫРОВ: “СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМГЕ КАТЫШКАНДАР Б/Т БУТУНА ТУРУП КЕТИШТИ!”

Ульмасбек КАДЫРОВ: “СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМГЕ КАТЫШКАНДАР Б/Т БУТУНА ТУРУП КЕТИШТИ!”

 246 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаровдун ырааттуу түрдө жүргүзүп жаткан Аймактык жана административдик реформасына ылайык Ош облусунун Араван районуна караштуу Тебе-Коргон жана Нур-Абад айыл өкмөттөрү өр ара бириктирилип, жаңыдан Дөбө-Коргон айыл өкмөтү түптөлдү. Бул эң чоң өрөөндөгү ирригациялык акыбал, “Социалдык келишим” мамлекеттик Проргаммасынын жүзөгө ашырылышы, жайыттардын инфрматүзүмүн ого бетер жакшыртуу, калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнү дагы активдештирүү жаатында жаңыдан эле уюшулган Араван районундагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Ульмасбек КАДЫРОВ менен кенен-чонон маектештик.

-Ульмасбек мырза, ошентип, мына жай мезгили дагы дээрлик аяктап гана баратпайбы. Адаттагыдай бул сапар деле ирригация – сугат суу системасы Сиздердин кендириңиздерди дагыле кеспеди бекен?

-Рынок шартынын абдан катаал мыйзамдарына, албетте, баш ийбеске аргабыз жок! 63 чакырымга созулган чоң жана чакан арыктар жергиликтүү калк жана айыл өкмөтүбүз тарабынан толук бойдон тазаланды. Ал эми Кайрагач-Арык жана Лаңгар кыштактарынын арык-каналдарын тазалоо үчүн механизатор-эксковаторчуларга 195 миң сом ажыратылды. Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Жаңы-Жол, Кесон, Арап жана Черик айылдарындагы 193 чакырымга созулган арыктарын жергиликтүү тургундар ишембилик өткөрүшүп, бүтүндөй өздөрү чаап-тазалашты.

Алмалык тилкесиндеги 2,7 гектар аянтка Тепе-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмеси 100 миң сом сарптап, чөп үрөнү тегиз себилди. Ошондой эле бул аймактын тегереги дагы бүтүндөй тосулуп, катарынан кашааланды. Ал эми Чертек айылындагы эскилиги биротоло жеткен суу скважинасына жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом, буга улай демөөрчүлөрдөн 30 миң сом сарпталып, капиталдык ремонттон толук кандуу өткөрүлдү. Мындан тышкары Кесон кыштагындагы суу скважинасына жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом, ошондой эле республикалык бюджеттен 1 миллион 200 миң сом коротулуп, капиталдуу ремонттолуп, кайрадан пайдаланууга тапшырылды. Бул жайга мындан тышкары жапжаңы трансформатор дагы орнотулду. Какыр-Пистан айылындагы арык жээктери тегиз бетондолуп, Бостон айылына дагы жаңы арык чабылып, Чертик аянтындагы Араван-Сай дарыясы биротоло нукка салынып, буларга жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом, ал эми эл тарабынан 100 миң сом толук чыгымдалды.

Ушул тапта Кайрагач–Арык айылынын Х. Исмаилов атындагы көчөсүнүн 1000 метр жолуна асфальт төшөлүп жаткан чагы. Муну үчүн Ош облусун өнүктүрүү Фондунан 550 000 сом, ал эми айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен 250 000 сом бөлүндү. Анан дагы Какыр-Пилтан айылында 60 гектар аянт сөзсүз бара-бара өздөштүрүлмөкчү. Ошол себептүү Ганиев суу насосун ишке түшүрүүнү дароо колго алдык. Бул максатта Араван районун өнүктүрүү фондунан 1 миллион 700  миң сом, ошондой эле айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен 300 миң сом ажыраттык.

-Айтмакчы, Сиздер деле жөлөк пул алып жүргөндөрдөн куру эместирсиздер. Андыктан, булардын арасында Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык келишим” программасына катышкандар дагыле бардыр?

-Албетте, бар! Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2022-жылдын 25-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” Жобого жана ага өзгөртүү-толуктоо киргизген Кыргыз Өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-июнундагы №296-токтомуна ылайык айыл өкмөтүбүздө коштомо комиссия түзүлгөн.

Ошентип, коштомо комиссия мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп келатат. Үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилине карата 73 үй-бүлөгө “Социалдык келишимдин” негизинде гана 100 миң сомдон таратылды. Алардын баарын тең жеке бизнестерин ийгиликтүү жана ырааттуу гана жүргүзүп жатышат. Бири дагы бодо мал кармашпайт. “Социалдык келишимге” катышкандар акчаларын майда көбүн эсе чарба (кой-эчки) күткөнгө, такси кызматына, чеберчилик жасоого, соода-сатыкка жана дагы күнөсканага максаттуу сарпташып, дээрлик баары тең тегиз бутуна туруп калышты.

-Элет жергесинде деле өндүрүштү тикелесе болчуудай?

-Ананчы! Абдан туура баамдапсыздар. Бул өңүттө биз деле жамбаштап жаткан жерибиз жок! Жапония менен түздөн-түз алака түзүп, 300 миң сом инвестиция тартып, а  өзүбүз – жеке ишкерибиз 850 миң сом кошуп, лимон сок өндүргөн мини цех ачтык. Тепе-Коргондук Ж. Абдурашидов 250 миң сом, ал эми К. Сидиков 200 миң сом сарпташып, пластик терезе-эшиктерди чыгарып атышат. Жар-Кыштак тилкесинде Ш. Холматов 700 миң сомго пескоблок иштеп чыгаруучу цех ачты. Тепе-Коргон айылында Р. Абдукаримов 1 миллион сом жумшап, пиларама ишке түшүрдү. Кесон кыштагында Ш. Гафуров 45 миң сомго навайкана тикелеп, жергиликтүү калкка ак кызмат көрсөтүп келатат. А мындай жеке ишкерлерибиздин саны барган сайын калыңдоодо. Дал ушунун эсебинен айыл өкмөтүбүздүн бюджети деле улам өсүү гана жолунда.

-Баса, кашайып Сиздер деле таза сууга зар окшойсуздар?

-Жо-жок! Жаңы-Абад айылында таза суу скважинасы дээрлик эскирген. Андыктан, жергиликтүү бюджеттен 250 миң  сом сарптап, ага капиталдык ремонт жасадык. БУУнун ДАТП прогараммасы аркылуу Уйгур-Абад айылына 2500 метр, Кесон кыштагына 3500 метр, Арап айылына 1300 метр, Жар-Кыштак айылына 2000 метр таза суу түтүктөрү толук тартылды.

Мындан тышкары Кара-Пилтан кыштагындагы таза суу скважинасына суу насосу СООППВ тарабынан 85 миң сомго каржыланып, бүтүндөй жаңыланды. Ал эми Лаңгар айылынын Дүкүр тилкесиндеги таза суу сактагычы дагы СООППВ тарабынан тегиз жаңыланды.

-Ульмасбек мырза, президент Садыр Жапаровдун Аймактык-административдик реформасына ылайык айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары менен жооптуу катчыларынын иштери өз ара бириктирилбедиби. Тажрыйбалуу адис сыңары айтыңызчы, ушунун деги зарылчылыгы бар беле?

-Албетте, зарылчылыгы жок! Мисалы, мен ушул тапта бир эле мезгилде эки кишинин –  айыл өкмөт башчысынын орун басарынын жана дагы жооптуу катчынын дагы милдетин аргасыздан аткарып жатамын. Биринчиден, иш чачтан көп. Бирине дагы үлгүрбөйсүң. Экинчиден, экөөнө тең бир гана кызматкердин маянасын гана төлөп атышат. Чындыгында, адилеттик эмес! Анткени, эки адистин орду жана вазийпасы бири-бирине түк коошпойт! Анан таптакыр окшошпойт дагы. Менимче, бул эки кызматты сыйлыгыштарбастан жөн-жай коюшса, утушмак! Эми айла жок! Айыл Өкмөт башчыбыз отпускеде. Ошол себептүү анын дагы милдетин, дээрлик үч кишиникин, мен жалгыз аткарып жатамын.

Ал эми президентибиз Садыр Жапаровдун Аймактарды ирилештирүү реформасын толук бойдон кубаттаймын! Бул аракет жакын арада, албетте, үзүрүн берээрине дагы мен бекем ишенем!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

        Маектешим – Араван районундагы Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы Ульмасбек КАДЫРОВ 48 жашта. ОшМУнун физика, математика жана маалыматтык технологиялар факультетин бүтүргөн. Адегенде мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору кызматтарын абийирдүү аркалаган. Соңку жылдарда Араван районундагы Нур-Абад айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп иштеген. Келинчеги Вазипа ЮСУПОВА – география сабагынын мугалими. Экөөлөп үч кыз жана үч уулду татыктуу тарбиялап-өстүрүп келатышат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17