Аймак

ОШТО «КЕСИПКӨЙ» КАЙЫРЧЫЛАР МЕНЕН КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

ОШТО  «КЕСИПКӨЙ» КАЙЫРЧЫЛАР МЕНЕН КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ

 42 Бардыгы /

Ош жергесинин милициясы кайырчылар менен күрөштү ого бетер күчөттү. Ушул себептен улам «Тилемчи» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

        Аталган рейд коомдук жайларда, сейил бактарда, туристтик аймактарда. Соода-сатык түйүндөрүндө жана дагы жолдордун кесилишинде жүргүзүлдү. Ошентип, рейддин жүрүшүндө 48 кайырчы кармалып, булардын 15и жашы жете электердин бөлүштүрүүчү жайларына жеткирилди. Ал эми дагы 24үнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 17 протокол түзүлдү. Мунун негизинде 37 500 сом жазана – айып пул салынды. Иш-чаранын жүрүшүндө 5 кылмыш ишинин бети дагы ачылды. Булардын экөө уурдоо, дагы экөө ата-энелердин балдарын кароодон баш таруу жүйөөсүнө негизделген.

        – Автоунаа жолдорундагы тилемчиликти адатка айландырышкан, – деп тызылдады Ош ШИИБдин Ак-Буура милдиция бөлүмүнүн башчысы М.Тороходжаев. – Мунун өзү жол коопсуздугуна коркунуч туудурганы аз келгенсип, өлкөбүзгө саякатташкан туристтер арасында дагы терс пикирлерди жаратууда. Ошондуктан, биз мындай жоруктарга чекит коюу аракетиндебиз.

        Соңку сааттарда Ош ШИИБсынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысы М.Тороходжаев Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Жаңы-Маале кврталынын тургундары менен жолгушуп, калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ого бетер күчөттү.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17