Аймак

БШК билдирет: КР ЖК ДЕПУТАТЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООДО №13 СУЗАК БИР МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ОРТОСУНДА МЫЙЗАМДЫН АЛКАГЫНДА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

БШК билдирет:  КР ЖК ДЕПУТАТЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООДО №13 СУЗАК БИР МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУ БОЮНЧА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ОРТОСУНДА МЫЙЗАМДЫН АЛКАГЫНДА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

 36 Бардыгы /

Бүгүн, 2024-жылы 28августунда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылынды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 2024-жылдын 22сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Кол коюуга КР БШКнын мүчөсү К. А. Маматов, талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу  эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга,  Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын нормаларын сактоого;

шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;

-катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды ачык, эл алдында мыйзамдын негизинде чечүүгө;

 шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого;

-башка талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды камтыган басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык тармактарда таркатпоого;

-социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;

-добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;

-өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;

-социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;

-добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде, жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укуксуз жолдор менен таасир этүү аракеттерди кылбоого;

шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө;

-шайлоо өнөктүгү шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч кырдаалга көмөктөшкөндөй жагдайда шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын чараларын колдоо жана шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын, эркиндигин жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууга багытталган шайлоо мыйзамдарынын толук ишке ашырылышына көмөктөшүү.

Меморандум шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө калыс жана талапкерлер менен өз ара аракеттенүүгө ачык болууга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына – административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөгө жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга,  ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын – бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана обьективдүү болууга чакырабыз.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17