Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ НУРТИЛЕК ОРОЗБАЕВ МЫНДАН АРЫ КАРА-КӨЛ ШААРЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ НУРТИЛЕК ОРОЗБАЕВ МЫНДАН АРЫ  КАРА-КӨЛ ШААРЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

 42 Бардыгы /

       Нуртилек Орозбаев Кара-Көл шаарынын мэрлигине дайындалды. Бул туурасындагы тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалган Нуртилек Орозбаевди мэрия жамаатына тааныштырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаңыдан дайындалган калаа мэринин ишине ийгиликтерди каалап, облустагы ири аймактардын катарын толуктаган Кара-Көл шаарын ар тараптуу өнүгүүсүндө, аткарылуучу жумуштар арбын экенин белгиледи.

Баса, Нуртилек Орозбаев буга дейре Жалал-Абад шаардык Кеңешинин төрагасы милдетин абийирдүү аркалап келаткан.

       Президент Садыр Жапаровдун башка тескемеси менен Кара-Көл шаарынын буга чейинки мэри Талайбек Конкобаев өзү берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17