Аймак

АКШ ЖАРАНЫНАН ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛУУГА ШЕКТЕЛГЕН ОШТУК МИЛИИЦИОНЕР БИР ЭПИЗОД БОЮНЧА АКТАЛДЫ

АКШ ЖАРАНЫНАН ОПУЗАЛАП АКЧА ТАЛАП КЫЛУУГА ШЕКТЕЛГЕН ОШТУК МИЛИИЦИОНЕР БИР ЭПИЗОД БОЮНЧА АКТАЛДЫ

 12 Бардыгы /

Ош шаарындагы «Калпак English Academy» тил курсунун башчысы – АКШнын жаранын опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.И.А. «Кылмышты жаап жашыруу» беренеси боюча күнөлүү деп табылып, 50 миң сом айып төлөөгө кириптер кылынды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-августундагы өкүмүнүн негизинде К.И.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,4-пункттарында (опузалап талап кылуу) кылмышты жасоодо күнөөсүн тастыктоочу далилдердин жетишпегендигинен, айыпталуучунун жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 367-беренесинин 1-бөлүмү (кылмышты жаап жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 500 эсептик көрсөткүчтө, башкача айтканда, 50 000 сом айыпка кириптер кылынды.

Жабырлануучуга таандык 5 000 АКШ доллары тил кат аркылуу ээсине кайтарылып берилди. Өкүмгө нааразы тарап Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

Баса, буга чейин аталган АКШ жараны Братчер Ноах Жон АКИпресс-Ошто маалымат жыйынын куруп, жарандык никедеги кызы менен урушуп кеткенден кийин ал Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.И.А. менен биргеликте андан ири суммадагы акча сурагандыгын жар салган эле.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17