Аймак

МУФТИЯТТА CALL-БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

МУФТИЯТТА CALL-БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ

 6 Бардыгы /

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жарандардын диний суроолоруна так жана ыкчам жооп берүү максатында Сall-борбору ишке киришти. Бул туурасында Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сall-борбордо бардык маселелер боюнча мыкты, тажрыйбалуу, анан дагы кесипкөй устаздар – адистер жарандардын диний жана шарияттык суроолоруна жооп кайтарышат.

– Азыр маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо жашап жатабыз. Жарандар үйүндө туруп эле өздөрү каалаган диний суроолоруна жооп ала турган колл-центр керек болчуу. Акыры Алла Таала мүмкүнчүлүк берип, ушул демилгени жүзөгө ашырып жатабыз. Борбор акжолтой болуп, элибизге диний жактан жакшы кызмат кылат деп бекем ишенебиз! — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Баса, Call-борборунун иш убактысы дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин, саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин эсептелет. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996 550 557 775 номуруна каалаган убактыёызда чалсаңыз болот.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17