Аймак

31-АВГУСТТА ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНЫН 33 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

31-АВГУСТТА ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНЫН 33 ЖЫЛДЫГЫ ЖАНА КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

 6 Бардыгы /

Ош шаарынын мэриясы ушул жылдын 31-август күнү калаада өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин тегиз жарыялады. Дал ушул күнү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы дагы кеё-кесири гана белгиленет. 

Күндүзгү иш-чаралар эртең менен саат 9:00дө Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, ошондой эле сүрөтчүлөр көргөзмөсү дагы өткөрүлөт. Буга улай бир эле мезгилде 33 баланын тушоосу кесилип, улуттук спорт оюндары кошо уюштурулат. Ошондой эле «Күз фест-2024» мөмө-жемиштер жарманкеси дагы болот.

Ал эми майрамдык салтанаттын эң негизги бөлүгү кечки саат 20:00дө Ош шаарынын Борбордук аянтында Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17