Аймак

БҮГҮН СУЗАКТА БИТУМ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ

БҮГҮН СУЗАКТА БИТУМ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ

 15 Бардыгы /

Бүгүн Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылынын Курук-Сай участкасында “ОРИС НПЗ” ЖЧКсынын чийки мунайды кайра иштетүүчү заводу ишке берилди. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын ачылышына Кыргыз Республикасыныны Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана ишкананын директору Ли Шимин катышты.

Өндүрүштүк мекеменин курулушу 2023-жылы башталган. Анын кубаттуулугу жылына 15 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мында 31 жаңы жумуш орундары түзүлүп, заводко тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 255 млн сомду түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан ишканага 4 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Бүгүн Жалал-Абад облусунда төрт өндүрүштүк ишкана ачылды.

Алар Сузактагы битум заводу, инвестициялык көлөмү 350 млн долларды түзгөн “Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКсынын жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы, Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты, ошондой “Камбар-Ата 1” ГЭСинин биринчи этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннелдин ачылы болду.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17