Аймак

ОШТО БАЛА БАКЧАГА ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН 15 МИҢ СОМ ТАЛАП КЫЛГАН АДИС КАРМАЛДЫ

ОШТО БАЛА БАКЧАГА ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН 15 МИҢ СОМ ТАЛАП КЫЛГАН АДИС КАРМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

        Кыргызстандын Түштүк башкалаасында бөбөктү бала бакчага кабыл алуу үчүн 15 миң сом талап кылган адис кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

        Ош шаарынын тургуну ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен кайрылып, анда ал 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда бала бакчанын адиси андан 15 миң сом акчаны пара катарында сурап жаткандыгын билдирген. Аталган факт Ош шаардык милициясында дароо каттоого алынып, кылмыш иши дагы козголгон. Буга улай ыкчам иш-чаралар уюштурулуп, ушул жылдын 28-август күнү бала бакчанын адиси А.Т. 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм сыёары алынды.

        Баса, бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган А.Т. тергөө кызматына камсыз этилип, тийиштүү тергөө амалдары абдан кызуу жүргүзүлүүдө. Ал эми козголгон кылмыш иши боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дагы дайындалып, тергөө амалдары абдан кызуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17