Аймак

ФОТО РЕПОРТАЖ. ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ФОТО РЕПОРТАЖ. ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 6 Бардыгы /

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эгемендүүлүктүн 33 жылдык майрамы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жамааты, калаа тургундары жана меймандары катышты.

Иш-чарада облус башчысынын орун басары жалпы катышуучуларды Эгемендүүлүк майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу саясатындагы жигердүү өзгөрүүлөр, облуста аткарылып жаткан иш-аракеттер жана алдыдагы пландар боюнча маалымат берип өттү.Борбордук аянттагы саамалык театрлаштырылган көрүнүш, концерттик программа менен коштолду.

Сүрөт: Эркин Салиев

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17