Аймак

КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛДЫГЫНЫН УРМАТЫНА ОШТО 16 СОЦОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛДЫГЫНЫН УРМАТЫНА  ОШТО 16 СОЦОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан Ош облусу боюнча 16 социалдык обьекти пайдаланууга тапшырылды.

Алар: Алай районунун Кум-Шоро айылындагы 100 орундуу №32 Кум-Шоро мектеп, Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча, Ноокат районунун Караке айылындагы Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектеп, Өзгөн районунун Кыймыл айылындагы 60 орундуу бала бакча, Өзгөн районунун Чымбай айылындагы № 54 Т.Сарыков атындагы 375 орундуу мектеп, Ооганстандан келген этникалык кыргыздар үчүн 20 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган 10 турак жай.

Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, пайдалууга тапшырылган социалдык обьектилер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында гана курулуп, ишке киришти.

16 обьектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20 үй-бүлөгө ылайыкташкан 10 турак үй.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17