Аймак

Гульмира ТУРДУБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАЙДЫГЕР КАРООГО ЖАНА АНДАН КАРАЖАТ АЙООГО АКЫБЫЗ ЖОК!”

Гульмира ТУРДУБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАЙДЫГЕР КАРООГО ЖАНА АНДАН КАРАЖАТ АЙООГО АКЫБЫЗ ЖОК!”

 3 Бардыгы /

Соңку тапта агартуу тармагын рефомалооонун заманбап өңүтү – билим берүүнүн “Алтын казык” Программасы толук кандуу иштелип чыгып, акыры бекитилди. Буга ылайык ушул тапта аталган тармакты санариптештирүү 12 жылдык окутуу системасына ыңгайлашуу жараяны абдан кызуу темпте жүрүп жаткан чагы. Бул туурасында Ош билим берүү институтунун директору Гульмира ТУРДУБАЕВА дагы кабарчыбызга курган маегинде ачык моюндады.

  • Гульмира эжеке, быйылкы педагогикалык 

кеңешмеңиздерди эмне үчүн  “Билим берүүгө 100 жыл: транформация чакырыктары жана жаңы горизонттор” деп атадыңыздар?

  • Алишер мырза, абдан туура баамдапсыздыр. Кара-Кыргыз 

автоном облусунун (бүгүнкү эгемен өлкөбүздүн башатынын) түптөлгөнүнө мына быйыл туптуура жүз жыл толбодубу. Демек, биздин республикабыздагы билим берүү системасы дагы ушунча жылдан бери жашап келатат. Ошондуктан, президентибиз Садыр Жапаров: “Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгер кароого акыбыз жок! Биз ушул тапта Мекенибиздин келечеги,  маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектептен чечилип жаткандыгын так кесе айтуубуз кажет! Ошондой эле даана аңдап-билүүбүз парз!” дебедеби. Бул өңүттө Кыргыз Өкмөтүнүн агартуу тармагын реформалоонун жаңы багыты “Алтын казык” мамлекеттик Программасы иштелип чыгып, бул демилге президентибиз Садыр Жапаров, ошондой эле премьер-министрибиз Акылбек Жапаров тарабынан ачык колдоо тапты..

Ошентип, биз дал ушул тапта 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатабыз. STEM предметтери боюнча окуу китептерин көбөйтүп, мугалимдердин билимин мындан дагы жогорулатууга, агартуу тармагындагы башкаруу жараяндарын толук кандуу санариптештирүүгө бекем ыктадык.

  • Мектептерде окуу куралдарынын таңкыстыгы, 

чындыгында, кендирди кесчүү эле. Бул көйгөйдөн деги Сиздер кантип арылып атасыздар?

  • Өткөн 2023-2024-окуу жылында окуучуларыбызды окуу 

куралдары менен 80,8 пайыз камсыз эткенбиз. Ал эми азыр быйылкы китептердин тизмеси жарыяланып, окуу куралдарын мектептерге таркатуу жараяны ого бетер күчөтүлдү. А болочокто “Алтын казык” Программасынын алкагында окуучуларыбызды бекер жана дагы сапаттуу  китептер менен камсыз кылуу абдан жакшырат.

  • Кенже каласстардын окуучуларына адаттагыдай эле 

быйыл деле ысык тамак берилээр бекен?

  • Ананчы! Ушул тапта облусубузда 400 орто мектеп бар. 

Буларда билим алып жатышкан 95 778 кенже каласстардын окуучуларына шашке тамак берилет. Мунун ичинен 154 мектепти БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы, 209 мектепти МЕРСИКО Эл аралык Уюму, ал эми 21 мектепти ата-энелер, Айыл өкмөттөрү жана дагы Ата Мекендик демөөрчүлөр азык-түлүк менен камсыз этишет.

  • Санариптештирүү тартибине ылайык мектептерди толук 

кандуу компьютерлештирүү, буга улай аларды интернетке туташтыруу жана класстарды Интерактивдүү Доскалар менен камсыз кылуу жайындабы?

  • Окуучуларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу 

максатында 409 мектепке заманбап видеокөзөмөл  орнотулду. Билим берүү мекемелери 11 177 даана компьютер менен камсыз кылынды. 

Ошентсе дагы, мен айтып коюуга тийишмин, мектептерибизге дагы 6015 компьютер жетишпейт. 1052 принтерге муктажбыз. Мындан тышкары 896 ксерокөчүрмөгө абдан зарбыз! Интернет түйүнүнө 521 мектеп уланган. Бирок, 34үндө мындай мүмкүнчүлүк таптакыр жок. Облусубуздун аймагында 416 мектеп бар. А булардын 739уна гана Интерактивдүү  доскалар коюлган. Бул агартуу мекемелеринин 74,4 пайызында гана ушундай заманбап шарттар жаратылган дегенди туюндурат. Албетте, бул көрсөткүч деле, чындыгында, ич жылытпайт!

  • Гульмира айым, Сиздердин жалпыга маалымдоо 

каражаттары (ЖМКлар) менен иштешүү аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

  • Кантип? Биз акыркы кезде коомчулукту маалыматтык жактан 

агартуу жараянына өз күчүбүздү сарптап жатабыз. Анткени, кеңири коомдук жана саясий колдоосуз билим берүү тутумундагы өзгөрүүлөрдү- реформаларды ырааттуу түрдө жана дагы толук кандуу жүзөгө ашыруу ыксыз жайлатылышы (кашаңдашы)  ыктымал. Андыктан, биз ушундай тоскоолдуктарга жана кайдыгерликке таптакыр жол бербъъгъ милдеткербиз!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз – Ош билим берүү институтунун директору Гульмира ТУРДУБАЕВА 64 жашта. ОМПИнин (азыркы ОшМУнун) математика адистигин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. Ош облустук билим берүү  башкармалыгында бөлүм башчы, Ош облустук мамлекеттик акимчилгинде бөлүм башчы, Жогорку Кеңеш депутатынын жардамчысы кызматтарын абийирдүү аркалаган. 2016-жылдын 26-ноябрынан бери Ош билим берүү институтунун директору.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17