Аймак

РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН “ЭРЕМ” СПОРТ КЛУБУ ТОЛУК БОЙДОН ОШ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ

РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН “ЭРЕМ” СПОРТ КЛУБУ ТОЛУК БОЙДОН ОШ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары, ушул тапта камакта жаткан Райымбек Матраимовдун Оштогу “Эрем” спорт клубу толук бойдон Ош шаардык мэриясынын карамгына өткөрүлдү. Бул туурасында Ош шаар мэринин басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов ачыктады.

Ош шаардык Кеңеши Райымбек Матраимовго таандык Оштогу “Эрем” спорт клубун мэриянын кармагына өткөрүү боюнча атайын токтом кабыл алды. Эми ал токтом күчүнө киргенде. бул мектепти шаардык спорт комитети гана иштетет, – деп кошумчалады Ош шаар мэринин басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов.

Ал эми ачык булактардагы маалыматтарга караганда, “Эрем” спорт клубу Руслан Матраимовго катталгандыгы көргөзүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ушул жылдын 8-февралында Райымбек Матраимовдун 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү кабарлаган. Мунун арасында Бишкек жана Ош шаарларында жайланышкан турак жайлар, ошондой эле коммерциялык имараттар бар.

Айтмакчы, Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалышып, андан ары 26-мартта Бишкекке алынып келинген. Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана аны жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан дагы ажыраткан. Ал эми Ош облустук соту ушул жылдын 6-августунда Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ушул жылдын 16-августунда Руслан жана Исламбек Матраимовдордун ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салган. Райондук соттун маалыматына ылайык, алар Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Мыйзамсыз ишкердик, же банктык иш» беренелери менен айыптуу деп табылган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-Жаза Кодексинин «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, адалдоо» беренелери менен кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө кызуу жүрүп жатат. Буга улай ушул жылдын 27-мартында Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-Жаза Кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен дагы күнөө коюлган.

Айыпкер ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат. Баса, УКМК 2021-жылы Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга ачык эле айыптап. а анын үстүнөн дароо кылмыш ишин козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөндүгүн жар салган.

Ошондуктан, сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал өзү дагы күнөөсүн ачык моюндап, мамлекет казынасына 2 миллиард сом төккөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) «Кыргызстанда мафия түзгөн» деп айыптаган. Ал эми Кыргызстандагы «Кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17