Аймак

ӨЗГӨНДӨ ЭКИ КАНАЛ БИР МЕЗГИЛДЕ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ ЭКИ КАНАЛ БИР МЕЗГИЛДЕ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Ош облусунун Өзгөн районундагы «Жаман-Адыр» массивиндеги М-1 и М-2 каналдары пайдаланууга тапшырылды. Бул туурасында Айыл жана суу чарба министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, аталган обьектилерди реконструкциялоого жана дагы реабилитиациялоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондунан 100 миллион сом ажыратылды.

Ошондой эле республикалык Суу ресустары кызматына караштуу Оштогу чуу чарбасы башкы башкармалыгынын эсебинен 6,8 миллион сом бөлүндү. Бул каражаттарды сарамжалдуу жана рационалдуу урунуу максатында Оштогу чуу чарбасы башкы башкармалыгы жумушту чарбалык негизде гана бүткөрүлдү. Ошентип, бул жумуш 719 гектар аянтты сугарууга шарт жаратты. Буга улай жергиликтүү фермерлер дагы мындан ары сууга чаңкабастан, оңуп эле калышты.

Ош облусунун Өзгөн районундагы «Жаман-Адыр» массивиндеги М-1 и М-2 каналдарын куруу жумушу былтыр майда эле башталган. Мындан тышкары райондук суу чарба башкарлыгынын балансындагы МК каналына дагы малекеттик бюджеттин эсебинен 5,6 миллион сомго капиталдык ремонт жасалды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17