Аймак

КАРА-СУУ РАЙОНУНУН АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ УЛАН БАТЫРОВ КАМАЛДЫ

КАРА-СУУ РАЙОНУНУН АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ УЛАН БАТЫРОВ КАМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров камалды. Бул туурасында УКМКнын басма съз кызматынан кабарлашты.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, облустук сот УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча комитетинин өтүнүчүн канаттандырды.

Ошентип, Улан Батыров ушул жылдын 26-октябрына дейре УКМКнын Оштогу тергөө абагында камакта калтырылды. Анткени, ал кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Баса, Улан Батыровду премьер-министр Акылбек Жапаров 2023-жылдын декабрында Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарлыгына дайындаган. Ага дейре ушул эле райондогу Шарк Айыл өкмөтүн жетектеген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17