Аймак

АЛА-БУКАДА ӨТКӨН ЭКИ КҮНДҮК АВГУСТ УСУЛДУК ОКУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

АЛА-БУКАДА ӨТКӨН ЭКИ КҮНДҮК АВГУСТ УСУЛДУК ОКУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 15 Бардыгы /

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн райондук Август усулдук окуусун өткөрүүнүн эки күндүк иши жыйынтыкталды.

Экинчи күндөгү көрсөтмөлөр менен август секциялык иштери ата -энелер мектеби, социалдык педагогдор жана мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине өткөрүлдү.

Август усулдук окуусунда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы н. Э. Баймуратов ар бир секциялык ишке катышып, педагогикалык кызматкерлерге ” Алтын казык” программасы билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз- орус жарменкесиндеги негиздүү маалыматтарды мугалимдерге толук жеткирип, талкуулар жүргүзүлдү. Секциялык иштерине райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук окуу кабинетинин башчысы Г Айтикеева ” Жасалма интеллект” жана мектепке чейинки билим берүүдөгү дефференциацияланган окутуу жөнүндө, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, предметтик стандарт жана критериалдык баалоо инструменттерин колдонуу методикасы боюнча кенири презентация жасады.

Иш чарага мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышып талкуу кызыктуу өттү.

Автор: Гулмира АЙТИКЕЕВА

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17