Аймак

АЛА-БУКАДА АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ РАЙОНДУК ДЕНГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

АЛА-БУКАДА АВГУСТ ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ РАЙОНДУК ДЕНГЭЭЛДЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин билим саммитинин учугун улап Ала- Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн 2024- жылдын 12- августундагы N199/2 буйругу менен 24-август күнү Август конференциясы болуп өттү.

Конференцияга райондогу жалпы билим берүүчү уюмдарынан 517 педагогикалык кызматкерлери катышышты. Чакырылган коноктор, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Р. М. Айтбаев, айыл өкмөт башчылары, агартуу ардагерлери жана билим берүү тармагында көп жылдык эмгеги менен учурда ардактуу эс алууда олтурган Орозалиева Айшакан Орозалиевна болушту.

Иш чарада жалпы билим берүүчү мектептер, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын изденүү, чыгармачылыгы менен уюштурулган ” Билим берүүгө 100 жыл” көргөзмөсү уюштурулуп, мында Кара – Кыргыз автономду облусу 100 жылдыгына, районубуздагы биринчи агартуучулар жана трансформациялоо чакырыктарында жасалма интеллект, STEM, “Алтын казык” программасынын негиздери чагылдырылды.
Август конференциясын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Э. Баймуратов ачып берип, райондогу билим берүү системасындагы жетишкендиктер жана алдыга коюлган максаттар боюнча доклад жасады, Билим берүүнүн отчеттук видео роликтер чагылдырылды.

Иш чараны ар бир баскычын орду менен белгилеп сахна бөлүгүн Н. Эшбаев жана З. Салиева алып барып жатты. Иш чара жүрүшүндө билим берүүдө жаратмандык көрсөтүүгө жетишкен чыгармачыл мугалимдер бааланып сыйланышты, жыл жыйынтыгы чыгарылып, “Жылдын мыкты мектеби”, Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму” аталышындагы номинациясы менен сыйлыктар, ардак грамоталар тапшырылды.

Районубуздагы Балдар чыгармачылык үйү жана Д.Шабданов атындагы балдардын билим берүү борбору тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды. Иш чаранын жүрүшү боюнча ар бир иштин жооптуулугу райондук билим берүү бөлүмүнүн инспекторлору, усулдук окуу кабинет усулчулары жана эсеп кана бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Август конференциясын уюштуруу иштеринде жакындан көмөк көрсөткөн жалпы билим берүүчү мектеп, балдар бакчасы, мектептен тышкаркы уюмдар жана иш чараны алып баруучулар, массалык маалымат баракчаларына жайгаштыруу жооптуу кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

” Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаны горизонттор” ураандын алкагында 2024-2025- жаны окуу жылында ийгиликтерди жаратууга карай кадамдарды таштайлы.!

Автору: Гулмира АЙТИКЕЕВА

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17