Аймак

БАТКЕНДЕ ШАРАП КУЙГАН ИДИШТИ ТАЗАЛАГАН КИШИ УУЛАНЫП КАЗА ТАПТЫ

БАТКЕНДЕ ШАРАП КУЙГАН ИДИШТИ ТАЗАЛАГАН КИШИ УУЛАНЫП КАЗА ТАПТЫ

 6 Бардыгы /

Баткен жергесинде шарап куйган 10 тонналык идишти тазалаган эки киши ууланып, булардын бирөөсү каза тапты. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

        Маалыматка караганда, кайгылуу окуя ушул жылдын 31-августунда Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жүз берди. Шарап сактоочу жайдагы 10 тонналык идиштерди тазалап жаткан 51 жана 28 жаштагы кишилер ууланып калышкан. Тилекке каршы, 28 жаштагы жаран ооруканага жетпестен ошол жерде эле каза тапты. Анын жакындары соттук-медициналык кароодон баш тартып, сөөктү ооруканадан түз эле үйүнө алып кетишти.

        Баткен райондук милициясы аталган фактыны дароо каттоого алып, ушул тапта ар тараптуу тыкыр текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17