Аймак

ОШ ШААРЫНДА БЫЙЫЛ 8,7 МИҢ БАЛА МЕКТЕП БОСОГОСУН БИРИНЧИ ЖОЛУ АТТАШТЫ

ОШ ШААРЫНДА БЫЙЫЛ 8,7 МИҢ БАЛА МЕКТЕП БОСОГОСУН БИРИНЧИ ЖОЛУ АТТАШТЫ

 6 Бардыгы /

         Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын Түштүк баш калаасында 8,7 миң бала 1-класстын босогосун атташты. Ош шаарында билим күнүнө арналган иш-чаралар шаардагы бардык 69 мамлекеттик мектептерде теё өткөрүлдү.

        Баса, билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров калаадагы №4-С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын ыкластан куттуктады. Быйылкы 2024-2025-окуу жылында Ош шаарында биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745ке жетти. Ошол эле учурда бала бакчаларга дагы 2500дөн ашык бөбөк кабыл алынды.

        Кошумчалай кетчү жагдай: Ош шаарында быйыл жылдын аягына чейин 1825 орундуу жалпы 4 мектеп дагы пайдаланууга тапшырылат. Булар: Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 625-, Ирригатор көчөсүндө 275-, Мээркан айылында 225- жана В.Терешкова атындагы (жатак) 700 орундуу мектептер.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17