Аймак

БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!

БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!

 6 Бардыгы /

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУда) адаттагыдай билим күнү белгиленип, окуу журтунун астанасын жаңыдан аттагандарга ак жол тиленди. Ошондой эле окутуучулар жамаатынын алдына дагы чоң милдеттер коюлду.

-Каалайбызбы,  каалайбызбы, мезгил агымына кошулууга биз аргасызбыз! Анткени, Ош мамлекеттик педагогикалык университети – Кыргызстандын Түштүгүндө заманбап мугалимдерди белендеген жападан жалгыз окуу жайы, – деди ОшМПУнун ректору Бекмырза ЗУЛУЕВ. – Андыктан, биздин мойнубузга абдан чоң жоопкерчилик гана жүктөлүп олтурат. А бул вазийпаны аткаруу – опоңой иш эмес!Буга улай Дүйнөлүк көчкө – рынокко чыгууга дагы биз батыл кириштик.Кытай тилин го үйрөндүк. Эми корей тилин билүүгө ыктап жатабыз. Демек, тармагыбыз барган сайын кеңейип, ал эми түйшүгүбүз ого бетер көбөймөкчү.

-Тарыхыңар абдан чоң жогорку окуу жайысыңар! – деп кашкайган чындыкты моюндады мамлекеттик жана коомдук ишмер Балтагул Нурумбетов. – Ош педучилищасы (азыркы Ош мамлекеттик педагогикалык университети) тээ өткөн кылымда, Совет доорунун эң алгачкы мезгилинде, тактап айтканда, 1924-жылы негизделген. Ошондон бери өлкөбүз үчүн  педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз эле белендеп келатат. Бул окуу жайды бүтүргөн атактуу инсандарды санактасаңыз, сан жетпейт, ал эми жазсаңыз барак дагы түтпөйт. Андыктан, ОшМПУга жаңыдан тапшыргандарга талбаган аракет, тынбаган изденүү, ал  эми эмгек жамаатына – кесиптештериме көөнөрбөс эмгек гана каалаймын!

        Айтмакчы, ОшМПУ заман талабына жараша төрт баскычтуу билим берүүгө бекем ыктады. Ошондуктан, университеттин өзүнүн бала бакчасы бар. Буга улай педагогикалык колледж орто кесиптик билимдүүлөрдү – тарбиячыларды жана дагы башталгыч класстардын мугалимдерин,  ал эми университет жогорку билимдүү кадрларды, ошондой эле магистарнттарды – илим жолуна түшөкдөрдү дагы даярдаганга өзгөчө салым кошуп келатат. Не демекчибиз. бүгүнкү рынок заманында билимдүү адам дегеле кор болбойт. Анткени, аларга иш опоңой табылат.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17