Аймак

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ МИНИСТРИ БОЛУП РАСМИЙ ДАЙЫНДАЛДЫ

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ МИНИСТРИ БОЛУП РАСМИЙ ДАЙЫНДАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп расмий дайындалды. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сыргабаев Абсаттар Токтогулович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.

Сыргабаев буга чейин Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Учурда аталган кызматты мурдагы Транспорт министри Тилек Текебаев жетектеп жатат.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17