Аймак

ӨЗГӨНДӨ ЖАҢЫ МЕКТЕП ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ ЖАҢЫ МЕКТЕП ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Ош облусунун Өзгөн районунда бир эле мезгилде жаңы мектеп жана маданият үйү пайдалануууга тапшырылды. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чынберди Төлөнов катышты.

Ошентип, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылына караштуу №90-Абылкасым Ташматов атындагы мектеп ачылды. Жаңы курулган мектеп башталгыч класстар үчүн салынып, 80 орунга ылайыкташкан.

Адегенде сөз сүйлөгөн Эл өкүлү Чынберди Төлөнов аталган билим уясын тез арада бүтүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мөөнөтүнөн мурун курулушу аяктагандыгын баса белгиледи:

– Ушул тапта аймактарда мектептер курулуп, билим тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Анын катарында Куршап аймагында дагы моминтип жаңы мектеп ишке кирди. Бул жерде келечекте билимдүү балдар тарбияланып чыгышына мен терең ишенем! Бул иш-чаранын жүрүшүндө жаңдан салынган мектептин курулушу менен таанышып, ошол эле учурда көп жыл эмгектенген мугалимдердин эмгегин баалап, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Андан ары депутат Чынберди Төлөнов Өзгөндүн Куршап айылындагы Тургунбай Абылкасымов атындагы маданият үйүнүн ачылышына дагы катышып, мыкты маданият кызматкерине Жогорку Кенештин сыйлыктарын тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17