Аймак

БАТКЕНДЕ ОБЛУСТУК ЮСТИЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

БАТКЕНДЕ ОБЛУСТУК ЮСТИЦИЯ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ КУРУЛА БАШТАДЫ

 9 Бардыгы /

Баткенде облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана башкармалыктын жетекчилиги, ошондой эле кызматкерлери катышышты.

Юстиция үйүнүн курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланып жалпы сметалык баасы 35 миллион сомду чапчыйт. Курулушту 2025-жылдын 1-кварталына бүткөрүү пландаштырылууда. Эки кабаттуу заманбап имаратта иштөө үчүн бардык шарттар каралган.

Баткен облустук юстиция башкармалыгынын ушул таптагы имараты өткөн кылымдын 1979-жылынан бери колдонулуп келатат. Азыркы шарты талапка жооп бербегендиктен, бир топ ыңгайсыздыктарды гана жаратып келе жатат.

Бул имаратта юридикалык жардам кызматы, пробация жана башкармалыктын Мамлекеттик нотариустары, юридикалык жактарды каттоо кызматы жана аппарат кызматкерлери жарандарды тейлешет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17