Аймак

Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ: “ДАТКАЛАРДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ИШТЕЙБИЗ!”

Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ: “ДАТКАЛАРДЫ УЯТ КЫЛБАЙ ИШТЕЙБИЗ!”

 3 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан Аймактык жана Административдик реформага ылайык Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк Айыл өкмөтү Кыргыздын чыгаан инсандары Алымбек жана Курманжан даткалардын уроматына Датка Айыл өкмөтү болуп кайрадан уюшулду.

Аталган Айыл өкмөттүн башчысы Сүйүнбек МАМАЗАИРОВду кеңири кепке тартып, андан сөз арасында Аймактын учурдагы социалдык-экономикалык акыбалы, “Социалдык келишим” жана “Жер мунапысы”мамлекеттик Программасынын аткарылышы туурасында кенен-чонон сураштырдык. 

Сүйүнбек мырза, Сиз айрым Айыл Өкмөт башчылары сыңары Датка айыл өкмөтүндө десант катарында түшкөн жоксузбу?

– Жо-жок! “Кыргыз Каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун Оштогу филиалында жетекчинин орун басары кызматын аркалап жаткамын. А буга дейре Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын мүлктү каттоо жана жана экономикалык таризде, ошондой эле толук өткөрүү бөлүмүндө башкаргамын. Ошондой эле аралыкта жарнак жана дизайн, мыйзамсыз курулуштарды бузуп алып салуу, ижара жана юридика бөлүмүндө башкы адис болуп иштегемин. Демек, аткаруу бийлигинде жетишээрлик тажрыйба топтодум десем дагы жаңылышпаймын!

Ушул тапта Сиздердин айыл өкмөтүңүздөрдө “Социалдык келишим” боюнча иштеп жаткандар бүт бутуна туруп кетииштиби?

-Адегенде 2022-жылы 3 үй-бүлө менен “Социалдык келишим” түзгөн элек. Ал эми былтыр 67 үй-бүлө бул Программага кошулушту. А быйыл 12 үй-бүлөгө “Социалдык келишимдин” негизинде жөлөк пулдун ордуна 100  миң  сомдон дагы тараттык. Булардын басымдуулугу бөлүгүнүн каражаттарды жеке ишкерликке жана дагы мал чарбачылыгына толук кандуу сарпташты.

Маселен, Гүлзат Абылкасымова суусундуктарды (чай, чалап, жарма, эмзилген курут) өндүрүп, 150 миң сом киреше тапканга жарады. Буга улай абысындар өз ара биригип, тигүү цехин ишке киргизишип, өздөрүнө жана коңшуларын туруктуу жумуш менен камсыз этишти. Булар ай сайын жок дегенде 25-30 миң сомдон маяна таап жатышат. А бир жердешибиз наавайкана иштетип, ай сайын 50-60 миң сом кирешеге туйтунууда.

Жергеңиздер айыл чарбасына деле абдан ылайыктуу экен?

-Ананчы! Быйыл 13556,75 гектарга жүгөрү эккенбиз. Ушул тапта кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюу абдан кызыган маалы. Ушул күнгө карата 70 гектар арпа орулуп, мунун ар гектарынан 1470 центнерден түшүм жыйналууда. Падаван кыштагында “Артемс” картошкасы 220 гектарга олтургузулду эле. Ушул тапта мунун 12 гектары казылды. Булардын ар гектарынан 1480 центнерден түшүм алып жатабыз.

Ичилүүчү таза суу сууга  зарыккандар жоктур?

Балээниби?  Аймагыбыздагы Медресе жана Таштак айылдарынын жашоочулары таза сууга зар эле. Медресе кыштагына таза суу тартылып, ошондой эле суу резервуарын курдук. Ал эми Таштак айылындагы Туркменов көчөсүндө 4 чакырым 500 метрге таза суу чыгарылды.

Араңыздардагы өтө оор илдетке чалдыккандардын ал-акыбалын сураштырып турасыздарбы?

-Ананчы! Майып жердештерибизге, мындайча айтканда, 450 жараныбызга 450миң сом каралаштык. Алар мынча каражатты эң зарыл дары-дамектерин сатып алууга гана жаратышты. Баса, абдан жакыр жашаган 8 үй-бүлөгө 457 миң сом жардам дагы көрсөттүк. Ал эми СПИД дартына чалдыккандарга 100 миң сом, учук илдети менен ооругандарга 150 миң сом тараттык. Мындай аркеттерибизди мындан ары дагы ырааттуу уланта бермекчибиз. Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: тоголок жетим балдардын ар бирине 12 500 сом, а жалпы жонунан 137 миң сом ажыратып, ар биринен жеке эсебине – депозитине которулду.

Сүйүн мырза, Айыл Ъкмът\ё\здър мурун Шарк деп аталчуу. А эмне үчүн эми Датка деп мынчалык тез өзгөрүлдү? Мунун себеби бардыр?

-Абдан туура баамдапсыздар. Мурун, чындыгында, Шарк деп аталчуу.  Бул маселе Айылдык Кеңештин сессиясында катуу каралып, жергиликтүү депутаттар Датка айыл өкмөтү деп өзгөртүүнү сунуш этишти. Ошентип, бул демилге бир добуштан колдоо таап, акыры жактырылыптыр. Муну президентибиз Садыр Жапаров дагы туура тааптыр. Айыл өкмөттүн аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан жок, өзү кызуу колдоду. 

Анткени, биздеги Сары-Мазар бейитине залкар инсаныбыз Курманжан Датканын сөөгү коюлган. Ошол себептүү туристтер бул жакка абдан көп келишет. Ошондуктан, Сары-Мазар көрүстөнүнүн тегереги тосулуп, айланасын дайым жашылдандырып турабыз. Соңку кезде бул жердин инфратүзүмүн деле ого бетер жакшырттык. Себеби, Курманжан Датка апабыздын бейитине куран окугандар ошол эле мезгилде Алымбек датка атабызды дагы тынымсыз эскерип турушат. Демек, биз дагы эки Датканы уят кылбастан, таптаза иштегенге милдеткербиз!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Маектешибиз – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбек МАМАЗАИРОВ 46 жашта. Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылында туулган. Академик Муса Адышев атындагы Ош технологиялык уиверситетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин бүтүргөн. Туу туткан саясий кумири – Исхак Раззаков.   

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17