Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН АВТОУНАА ЖОЛДОРУ ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ

ОШ ОБЛУСУНУН АВТОУНАА ЖОЛДОРУ ОҢДОЛУП-ТҮЗӨЛҮҮДӨ

 6 Бардыгы /

Ушул тапта Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдорун катарынан асфальттоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу жана дагы жол белгилерин заман талабына жараша жаңылоо иштери абдан кызуу жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ошентип, маалыматка караганда, № 37-Жол тейлөө ишканасы Ноокат районуна караган Ноокат-Папан автоунаа жолунун 11-20-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө жумуштарын жүргүзүп жатат. Ошондой эле Тельман-Кара-Кой жолунда (0-6-чакырымдар аралыгы) жөө жүргүнчүлөр өткөн жол сызыктары дагы тегиз жаңыланууда. № 16-Жол тейлөө ишканасы Чоң-Алай районундагы Ачуу-Суу-Кара-Шыбак автоунаа жолунун 66-68-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө кызуу даярдыктарды  көрүүдө. № 5-Жол тейлөө ишканасы аркылуу Өзгөн-Заргер автоунаа жолунун 15-18-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүп жатат.

Ал эми №-956-Жол тейлөө ишканасы Куршап-Жалпак-Таш автоунаа жолунун 0-7-чакырымдар аралыгында жаралган аң-чөнөктөр жамап жаткан чагы. №-26-Жол тейлөө ишканасы аркылуу Таш-Кыя-Киров-Жийделик автоунаа жолунда дагы асфальт төшөө иштери абдан кызуу жүрүүдө.

№4- Жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Аэропорт-Кашкар-Кыштак автоунаа жолунун 0-1,2-чакырымдар аралыгын асфальттоого даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле айылдар ичиндеги көчөлөргө шагыл төшөө жумуштары дагы активдүү жүрүп жатат.

№960-Жол тейлөө ишканасы Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолунун жээгиндеги арыктарды тазалоо иштерин дадил аткарууда. №21-Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан Актерек-Папан-Кожокелең жолундагы аң-чөнөктөрдү жамоо, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо, Кеңеш-Жапалак автоунаа жолунун 5-7-чакырымдар аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери дагы кызуу жүрүп жатат.

Кыскасы, республикабыздын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн башка облустарында дагы жолдорду оңдоп-түзөө жараяны мындан ары кызуу улантылаарын убада кылууда. 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17