Аймак

Бакытбек ЖУМАГУЛОВ: «ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛУУ АРГАСЫЗ КАДАМ»

Бакытбек ЖУМАГУЛОВ: «ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛУУ АРГАСЫЗ КАДАМ»

 6 Бардыгы /

Маалымат мейкиндигинде фейктердин жайылышы, же аң сезимдүү түрдө деле жалган маалымат аркылуу коомду манипуляциялоо демократиянын жетишкендиги, же мыкты көрсөткүчү болуп жарытпайт. Бул туурасында маалымат жыйынында саясатчы Бакытбек Жумагулов билдирди.

Бакытбек Жумагуловдун айтымында, бардык өнүккөн өлкөлөрдө калп, же жалган маалымат таратуу – жазалануучу иш-аракет катары бааланат.

– Бул маселе жарандык-укуктук багытта дагы так жөнгө салынат. Мындай анык эмес маалыматтарды тараткандар үчүн айып пулдар каралган. Жалган маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартуу менен айып пул салуу нормалдуу цивилизациялуу мамиле жана анын туура экендигине эч кимде шек саноо жок! – дейт саясатчы Бакытбек Жумагулов.

– Калп, же жалган маалымат бийликке кысым көрсөтүүчү курал, же саясий максаттарга жетүү жолу катары колдонулбайт! Эгер маалымат айдыңындагы мындай абалды колдон чыгарсак, мамлекетибиздин келечеги үчүн коркунуч жаралышы гана мүмкүн. Ошондуктан, жалган маалымат тараткандарга карата айып пулду жогорулатуу кандайдыр бир деңгээлде аргасыз кадам болууда. Ошол эле учурда, бул чөйрөнү жөнгө салуучу компетенттүү мамлекеттик органдар да чечим кабыл алууда ырааттуу жана обьективдүү болуусу шарт!

Айтмакчы, Президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» талаштуу мыйзамга ушул жылдын 23-августунда кол койгон. Мындан тышкары «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине дагы өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык жалган маалымат тараткан жеке жана юридикалык жактарга 200 миң сомго чейин айып пул салынышы толук ыктымал.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17