Аймак

Алмагүл ТУТУЕВА: “БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!”

Алмагүл ТУТУЕВА: “БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!”

 3 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 52 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Булардын баарында тең жаңы 2024-2025-окуу жылы чоң салтанат менен башталды. Муну кабарчыбызга курган маегинде Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл ТУТУЕВА деле танган жок!

Алмагүл айым, жаңы окуу жылыңыздар менен!

– Ыракмат! Мындан аркы жакшылыктарыбыз ылайым чогуу болсун!

Тоолуу Кара-Кулжа районунда 52 жалпы билим берүүчү мектеп бар экен. Булар деле өз ара айырмаланса керек?

-Албетте! 52 жалпы билим берүү мекемесинин 47си – орто, төртөө– (Ж. Айтбаев, Э. Алиязов, Ж. Ибраимов, Т. Назаров) толук эмес орто, жалгыз Айдың- Көл башталгыч жана бир мектептен тышкаркы мекемебиз бар.

– Ошондой быйыл канча окуучу билим босогосун атташты?

– Быйыл районубуздагы мектептерде 15 949 окуучу билим алышат. Ал эми буларга 1410 мугалим сабак беришет. 17 мектепте окуучулар бир эле нөөмөттө, ал эми 33 мектепте эки нөөмөттө окушат. Жакшы жышаан: бир нөөмөттү мектептерде кыска нөөмөткө бала бакчалар дагы кошо ачылды.

Сөзүңүзгө аралжы, Кыргызстанда мунун ичинде Кара-Кулжа районундагы дагы кыска мөөнөттүү 560 бала бакча уюшулуп жатат. Мунун негизги максаты эмнеде? 

-Ооба. Абдан туура баамдапсыз. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу аркасында жүзөөгө ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча түзүлүп жатат. Мунун арасында Кара-Кулжа районундагы дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

​ Ошентип, “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 120 тарбиячылары квалификацияларын жогоруулатуунун негизинде онлайн жана офлайн окуу курсунан толук кандуу өтүшөт.

Айтмакчы, былтыркы билим сапаты деги Сизди канааттандырабы?

-Албетте, азырынча жок! 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгында “5ке” окугандар – 13,5 пайызды (1842 окуучу), “4кө” окугандар – 28,2 пайызды (3845 окуучу), “3кө” окугандар –  58,3 пайызды (7948) түздү. Ал эми бактыга жараша “2” алгандар дээрлик болгон жок.

Ал эми 67 бүтүрүүчүнү Артыкчылык аттестатына көрсөттүк эле. Жыйынтыгында булардын үчөө гана (Арууке Турдумаматова – Шарип Жээнбеков атындагы мектеп-интернаттын 11-классынын окуучусу, Ийгилик Жапаров – Орозали Сайдилкановдун автордук мектебинин 11-классынын окуучусу, Аксана Бердиева – Баки Эшмамбетов атындагы лицей класттары баро орто метебинин 11-классынын окуучусу) “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын президентибиз Садыр Жапаровдун колунан алышты. Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы мындан жогорку көрсөткүчтөрдү багындырабыз деген тере үмүттөбүз!

Баса, Кара-Кулжа районунун мектептерин 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү аркетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

-Кантип? Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү Министрлер Кабинетинин “Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык мектептерибиздин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өткөрүүнү жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылууну мерчемдеп жатабыз. Ошентип, заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү үчүн мугалимдерге жана коомчулукка түшүндүрүү иш аракеттери жасалып жатат. 

Спорт – ден соолуктун булагы эмеспи. Бул өңүттө канттиңиздер?

-Былтыр Кара-Суу районунда орто мектептерде окуган окуучулардын ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болду беле. Мелдешке райондордон 11 команда катышып, биздин окуучуларыбыздын командасы 2-орунду ээлешти. Ал эми          Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн кубогуна арналган окуучулар аралык мелдеште 1-орунду багындырдык.

Ал эми жеңил атлетика боюнча мелдештерде дагы ийгиликтерди байма-бай жаратып келатабыз. Маселен, 9-март күнү Ош шаарында окуучулар арасында “Жазгы кросс” аталышындагы жеңил атлетика боюнча мелдеш өткър\лүп, биздин төмөндөгү окуучулар жеёиш кайтышты. К. Жантөшев мектебинин окуучулары Ыбышева Элиза 3000 метр аралыкта 2-орунду, Оморжанова Медина 1000м аралыкта 2-орунду, Дуйшеева Кызбурак жана Калыев Ноорузбек 3-орунду, ошондой эле Э. Осмонов мектебинин 11-классынын окуучулары Жаныбеков Жалынбек менен Эмилбеков Курмантай 4000 метр аралыкка чуркап республикалык турга жолдомо алышты.

Мындан тышкары 2024-жылдын 17-февралында Ош технологиялык университетинин ректорунун кубогуна арналган волейбол боюнча мелдеште Кара-Кулжа районунун балдар командасы 1-орунду, ал эми кыздар командасы 3-орунду камсыз кылышты. Бул мелдеште Ж. Акматалиев мектебинин 11-классынын окуучусу Ормошев Асет “Мыкы чабуулчу” наамына татыды.

Буюрса, мындай ийгиликтерибизди быйылкы 2024-2025-окуу жылында деле ырааттуу улантабыз деген терен ишеничтемин! 

Алмагүл айым, башка тармактарга караганда, билим берүүнүн артыкчылыгы эмнеде деп эсептейсиз?

– Өткөндү эсттетиңиз. Мен бала чагымда врач болом деп абдан кыялданчуумун. Тилекке каршы, шартка жараша мугалимдикти иргедим. Мен мындай чечимди жасаганыма эч өкүнбөйм!  Тескерисинче, сыймыктанам! Анткени, окуган жана билимдүү адам эч качан кор болбойт! Ошол эле убакта коомго татыктуу ар кандай муундарды окутуп-тарбиялап, элге-журтка пайда гана алып келет…

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз – Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл ТУТУЕВА 38 жашта. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. Мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп эмгектенген. Айылдык Кеңештин депутаты. 

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17