Аймак

Туратбек АЛИЕВ: “МОЙ СВЕТ” ТИРКЕМЕСИ ТҮЙШҮГҮБҮЗДҮ ЫРАСА ЖЕҢИЛДЕТТИ!”

Туратбек АЛИЕВ: “МОЙ СВЕТ” ТИРКЕМЕСИ ТҮЙШҮГҮБҮЗДҮ ЫРАСА ЖЕҢИЛДЕТТИ!”

 3 Бардыгы /

“Кыргызстан Улуттук Электр тармагы” ачык акционердик коомуна караштуу Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишканасы өткөн кылымда, тактап айтканда, 1968-жылы түптөлгөн. Ошондон бери бул ишкана тоолуу райондун калкын, мекеме-ишканаларын жана уюмдарын “Ильич шамы” менен үзгүлтүксүз гана камсыз этип келатат.

Бийик тоолуу аймактын энергетиктеринин ал-акыбалын, алардын кышка карата камылгасын аталган ишкананын директору Туратбек АЛИЕВден кенен-чонон сураштырдык.

-Туратбек мырза, Сиздердин ишкана ушул тапта канчалаган кардарды электр энергиясы менен дагыле үзгүлтүксүз камсыз этип келатат?

– Бүгүнкү күндө Кара-кулжалык энергетиктер районубуздагы 12 айыл өкмөтүнүн “Ильич шамы” менен туруктуу гана камсыз кылып жатабыз. Биз жалпысынан 15 723 кардарды тейлейбиз. Булардын 871 – кафе-ресторандар, ашканалар, мекеме-уюмдар жана ар түрдүү ишканалар.

– Ал эми 1445и – карапайым калк, мындайча айтканда, жергиликтүү тургундар. Ал эми кардарлардын Сиздердин ишканага карыздары азайдыбы? Же, тескерисинче, көбөйүп гана баратабы?

– Өткөн 8 айдын аралыгында эле биздин кызматыбыздан урунгандардын ишканабызга карызы 2 миллион 316 миң сомду чапчыды. “Мой свет” тиркемеси биздин түйшүгүбүздү ыраса жеңилдетти. Ушул к карата 57 миң сом эле карыз калды.

– Демек, таптакыр айла куруганда, мурункудай жана сот органдарына кайрылып, доолап акча өндүрбөй калыпсыздар да?

– Ооба. Сөздүн кыскасы, биз ашыкча түйшүктөн биротоло кутулдук. Дагы кайталасам, ашыкчалык кылбас. “Мой свет” тиркемеси биздин ишибизди ыраса жеңилдетти.

– Эң башкысы: заман талабына жараша кардарларды маданияттуу тейлөө жагы деле бара-бара жакшыргандыр?

– Ананчы! Биздин ишканыбызда жалпы жонунан 5 топ (Кара-Кулжа, Ылай-Талаа, Терек, Кара-Кочкор жана Электр жабдыктарын оңдоочу бөлүм) калкыбызды туруктуу тейлеп келатат. Алдыдагы кышка карата 5,9 чакырым аба чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. 66 даана кошумча чордондор мыктылап кайрадан оңдоп-түзөлдү. Кара-Кулжа жана Чалма айыл өкмөтүндөгү трансорматорлор бүтүндөй жаңыланды. Мындан тышкары ишканабыздын өзгөчө механикалык паркы бар. Анда 7 автоунаабыз бардык керектүү жабдыктар менен күнү-түнү калк кызматында дагыле дапдаяр турушат. Жашырып не. Бул паркыбыз аябай эскирген. Ошондуктан, эми гана паркыбызга кран манипулятор жана бригаданы тейлеген атайын машина бөлүндү. Дал ушнун өзү кызматкерлеребизди мындан ары мыкталап иштөөгө бекем шыктандырып, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын ого бетер жакшыртууга гана өбөлгө жаратып олтурат.

– Айтмакчы, кышындасы айтылуу Алайкуу өрөөнүнүн көйгөйү көңүлүңүздөргө дагыле көк таштай тийсе керек? Бул маселе ушул тапта деле кендириңиздерди куп гана кесип аткандыр?

– Ооба. Алайкуу өрөөнүндө кыш өкүмүн абдан катаал жана дагы узакка жүргүзөт. Ошол себептүү кран манипуляторду дал ушул бийик толуу аймакка жөнөтүүнү мерчемдеп жатабыз. Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: келаткан кышта адаттыгдай кезектешип өчүрүүлөр биздин аймакта таптакыр болбойт!Туратбек мырза, Кара-Кулжа районунда чоң-кичине дарыялар абдан арбын.

– Демек, аймакта чакан ГЭСтерди деле көбүрөөк куруп, олуттуу түйшүктөн батыраак арылбай белеңиздер?

Тар дарыясына Буйга чакан ГЭСин куруп, туруктуу ишке түшүргөнбүз. Мындай аркетибиз мындан ары дагы ырааттуу улантылат. Эл аралык жана дагы Ата Мекендик донорлор менен азыр деле кызуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Бул максаттарыбыз дагы ишке ашырылса, биз энергетикалык кирзистен бара-бара толук бойдон кутулабыз!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз – Кара-Кулжа райондук электр тармактары ишканасынын директору Туратбек АЛИЕВ 46 жашта. ОшТУнун энергетика факультетин бүтүргөн. 2000-жылдан бери ушул системада гана эмгектенип келатат. “Дарак бир жерден көгөрөт ” дегендей, кечээги – катардагы адис, а бүгүн моминтип – ишкана жетекчиси. Жубайы экөө 3 уулду. 4 кызды заманбап тарбиялап жатышат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17