Аймак

ПРЕЗИДЕНТТИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛҮ НООКАТТАГЫ ЖОЛДОРДУН КУРУЛУШУ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

ПРЕЗИДЕНТТИН ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ӨКҮЛҮ НООКАТТАГЫ ЖОЛДОРДУН КУРУЛУШУ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Ноокат районуна сапарлап, Ош-Ноокат автоунуу жолун оңдоп-түзөө жана Кыркол-Сай, Чили-Сай көпүрөлөрүн куруу иштери менен жеринде таанышты. 

Өз ара текшерүү маалынла Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев тиешелүү адистерге иштин ылдамдыгын токтотпостон, убакытты туура гана пайдаланып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүп алуу зарылдыгын баса белгиледи.

– Буга дейре айланып өтүүчү жолдорду аныктап чыккансыңар. Эми алдыдагы асфальт басуу иштерине байланыштуу элге түшүндүрүү жараянын жүргүзүп, калктуу пунктар аркылуу айланып өтүүчү жолдорду ачып бергиле! Асфальт басуу иштерине көмөктөшөлү, ишти үзгүлтүккө учуратпайлы? Азыркы жылуу мезгилди туура пайдаланып алышыбыз кажет. Убакыт аз калды. Ошон үчүн ишти токтотпой, жумушту чогуу жасайлы. Мына мен бүгүн атайын тийешелүү жетекчилердин баарын алып келдим, маселе болсо көмөктөшүп ишти алып барышат, – деп тызылдады  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев.

Андан ары Ош облусунун жетекчиси Ноокат районундагы Гүлистан айыл өкмөтүнө караштуу Чили-Сай көпүрөсүнө сапарлады. Жол бойлой жолду кеңейтүү жана кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин көз салды. Облус башчысы иш ыргагы менен кенен-чонон таанышып. тиешелүү адистерге иштин ылдамдыгын токтотпостон, көпүрөнү сапаттуу жана өз убагында бүтүрүүнү катуу эскертти.

Ошентип, жумушчу сапарынын соңунда Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев Ноокат районунда селден жапа чегишкен жарандардын жаңыдан курулуп жаткан турак жайларынын курулушу жана аларга Кыргыз Өкмөтү тараптан бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланышын тыкыр көзөмөлдөп туруу боюнча район жетекчисине жана айыл өкмөт башчыларына конкреттүү тапшырмаларды дагы берди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17