Аймак

ОШТОГУ ЛИЦЕЙ ЭМИ ПРЕЗИДЕНТТИК МЕКТЕПКЕ АЙЛАНДЫРЫЛАТ

ОШТОГУ ЛИЦЕЙ ЭМИ ПРЕЗИДЕНТТИК МЕКТЕПКЕ АЙЛАНДЫРЫЛАТ

 3 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын чок ортосунда гана жайланышкан Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейи жарым кылымдан бери болочок муундарды татыктуу гана окутуп-тарбиялап келатат. Аталган билим журтунун бүгүнкү ал-акыбалын кабарчыбыз кабар алып кайтты.

Алихан АРСТАНБЕКОВ, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин 11-А-классынын окуучусу:

– Мен Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун кулунумун. Бул мектепти өзүм эле тандагамын. Анткени, бул жайда баарынан мурун билим сапаты абдан жогору. Эже-агайларыбыз ар бирибизге индивидалдуу жана сылык-сыпаа гана мамиле жасашат. Мен окууну бүтөөрүм менен Ош мамлекеттик университетинин медицина институтуна тапшырам. Анткени, хиругдук кесипти эбак эле тандагамын. Буюрса, калкыбыздын саламатчылыгын  сактоодо бекем турамын деген терең ишеничтемин!

Акшербет АДАНОВА, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин 11-Б-классынын окуучусу:

– Мен Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кан-Коргон кыштагынын кызымын. Алыскы аймактан атайын келип, ушул лицейди тандаганыма эч өкүнбөйм. Бала кезимден эле мугалим кесибин аябай жактырам. Мектепти ийгиликтүү аяктап, буюрса, андан түз эле Ош мамлекеттик педагогикалык университетине тапшырамын. Жаш муундарыбызды агартып, Ата Журтума ак кызмат өтөсөс деген ак ниетим бар. 

Гүлүйпа АБДРАЕВА, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин химия мугалими:

Лицейибизде 1992-жылдан бери эмгектенем. Эмгек жамаатыбыз абдан ынтымактуу. Заман талабына жараша бир-бирибизди алдыга сүрөп гана келатабыз.

Асан АРЫКБАЕВ, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими:

– Мен бул лицейге 15 жыл мурда ишке орношкомун. Эч адашпапмын! Өз ордумду акыры таптым. Ушул жерден гана агарып-көгөрдүм . Өлкөдөгү эң мыкты агартуу журтунда иштеп жатканыма эмдигиче сыймыктанам!

Айнура АБЖАПАРОВА, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин окуу бөлүмүнүн башчысы:

– Заман талабына жараша мугалимдерибиз сабактарында эң алдыңкы усулдарды жана технологияларды гана урунушат. Ал эми каласстарыбыз мыктылап жабдылган. Күн ысыкта –салкын, а кыш бою – жыпжылуу.

Сырга ШАНАНОВА, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин директору:

“Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, мен 39 жыл бою дал ушул лицейде эмгектенип келатамын. 19 жыл дээрлик окуу бөлүмүнүн башчылыгын аркаладым. Анан минтип директорлукка дайындалып олтурам. Жакында билим журтубузду министрибиз  Догдуркүл Кендирбаева өзү кенен-чонон кыдырып, баарын тегиз көрүп чыкты. Айтмакчы, көгүлтүр Ысык-Көлдө Президенттин Мектеби бар эмеспи.  Эми Түштүк жергесинде дагы биздин лицейибизди Президенттин Мектебине айландырабыз деп жатышат. 

Айтмакчы, Ош облусунун Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейи мындан туптуура 50 жыл – жарым кылым мурун Кыздар орто мектеби сыңары негизделген. Эгемендүүлүк жылдарында гана жатак лицейге айландырылган. Эми, кудаа кааласа, Президенттин Мектеби макамы ыйгарылса, жоопкерчилиги ого бетер жогоруламакчы…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17