Аймак

АКШ КАРЖЫЛАГАН ПРОГРАММА КЫРГЫЗСТАНДА КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫН УЛАМ ЖАКШЫРТУУДА

АКШ КАРЖЫЛАГАН ПРОГРАММА КЫРГЫЗСТАНДА КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫН УЛАМ ЖАКШЫРТУУДА

 6 Бардыгы /

АКШ өкмөтүнүн колдоосу аркасында Кыргыз Республикасы кургак учук илдетин аныктоо көрсөткүчтөрүн жана аны дарылоонун натыйжаларын кыйла жакшырууга жарады. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» аттуу долбоорунун алкагында 1183 бейтап, мунун ичинде 126 бала дарыланып, кургак учуктун жаңы 92 активдүү учуру аныкталды.  

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Кызыл Ай Коому тарабынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында жүзөгө ашырылды. Жыйынтыктоочу конференцияга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, «Кургак учук» Улуттук Программасынын, кургак учук менен күрөшүү боюнча аймактык диспансерлердин жана коомчулуктун өкүлдөрү чогулушуп, беш жылдык иш-чаралардын жетишкендиктерин баса белгилешти. Ошондой эле кургак учук менен ооруган калктын аялуу топторуна колдоо көрсөтүү үчүн жаңы стратегияларды өз ара талкуулап, а түгүл натыйжаларга дагы сересеп салышты.  

USAID уюмунун «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» аттуу долбоорунун алкагында кургак учук менен ооруган бейтаптарга карата стигманы жана басмырлоону азайтууга багытталган коомдук иш-чараларга 12000дөн ашуун киши катышты. Натыйжада пилоттук облустардагы коомчулуктардын ичинде стигма 33,5 пайызга  азайды. Муну менен катар медицина кызматкерлеринин арасында бейтаптар менен баарлашуу боюнча окутуулар дагы өткөрүлүп, медицина кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн стигма учурлары үч эсе кыскарды.

Программанын алкагында кургак учук менен ооруган адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) менен дагы такай иш жүргүзүлдү. Жалпысынан 136 ЖӨБ органы кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо максатында каржылоону ого бетер көбөйтүп, мунун натыйжасында 800дөн ашык бейтап жергиликтүү бюджеттерден жалпы 2 миллион сомдук жардам алууга жетишти. Аталган долбоор кургак учук илдети туурасында толук маалымат, жаңылыктар жана пайдалуу ресурстар жайгаштырылган www.tbc.kg веб-сайтын дагы ишке киргизди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17