Аймак

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 14 617 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 14 617  ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын  16-сентябрдан  22-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча 14 617 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

 -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-405;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -199;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-38;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-915;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2 225;

-Авто ээнбаштык – 6;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3 280;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –7549.

 Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 507  авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17