Аймак

Фарходжон АТАХАНОВ: “АРАВАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУНА ДЕГЕЛЕ КОРКУНУЧ ЖОК!”

Фарходжон АТАХАНОВ: “АРАВАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУНА ДЕГЕЛЕ КОРКУНУЧ ЖОК!”

 3 Бардыгы /

        Статистикалык маалыматтарга таянсак, Ош облусунун Араван районунда ушул күнгө карата 1212 жылкы, 41 665 бодо мал, 60 040 майда жандыктар, 129 203 үй канаттуулары жана дагы 3000 ит катталган. Демек, малдын саны жыл өткөн сайын улам гана көбөйүп баратат. Бирок, аймакта эпизоотикалык кырдаал деги ушул тапта кантти экен? Мунун чоо-жайын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Араван райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Фарходжон АТАБАЕВден кенен-чонон  сураштырдык.

-Фарходжон мырза, мал  киндиктүү өлкөбүз. Бирок, буларды баккан ээлеринен тышкары Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматына деле абдан чоң милдет – туруктуу көзөмөл жагы жүктөлгөн. Деги канттиңиздер?

-Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Араван райондук ветеринардык башкармалыгын мамлекеттик штат бирдигинде 7 орун каралган. Ал эми мамлекеттик эмес штатка 3 орун ажыратылган. Булардын баарында тең жалаң дасыккан адистер гана иштеп жатышат.

Биздин районубузда 6 айыл өкмөтү, анан дагы 48 кыштак бар. Албетте, өтө чоң аймак. Ошол себептүү 16 жеке ветеринардык адис менен дагы өзүнчө келишим түзүп, буларды деле үзгүлтүксүз иштетип жатабыз. Биздин мындан башка аргабыз жок, эй!

-Ушул тапта өлкөбүздө санариптештирүү реформасы өтө кызуу жүрүп жатпайбы. Деги мунун пайдасы канчалык?

-Албетте, пайдасы өтө чоң! Биздин башкармалык жана дагы бүт кызматкерлерибиз оргтехника, интернет, факс жана телефон менен толук  кандуу камсыз этилген.

-Баса, Сиздердин шарп, чума, күл, кутурма, Сибирь жарасы, лептоспироз, пастореллоз, эмкор, брадзат, кыргын, Ла-Сото, бруцеллоз ылаңдарынын алдын алуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко, ыя?

-Кантип? Ири мүйүздүү малдын шарп оорусуна – 57 000, Сибирь жарасына – 64 500 доза, майда жандыктардын чума илдетине каршы – 30 000 доза, ошондой эле күл дартына – 34 000 доза вакцина сарпталды. Ал эми айылдарда беймарал эле жойлоп жүрүшкөн 486 жолбун ит, 45 чөө бөрү жана 6 карышкыр атылып, биротоло жок кылынды.

5 315 кара мал серологиялык изилдөөдөн толук өткөрүлдү. Булардын арасынан 20 ири мүйүздүү мал бруцеллез дартына кабылгандыгы аныкталды. Ошондуктан, булардын баары тең ветеринардык-санитардык эрежелердин негизинде союлуп, акыры бүт жок кылынды.

-Баса, Араван жергесиндеги мал базарлар жана касапканалар (мал союлуучу жайлар) деги көзөмөлдөнөбү?

-Араван районундагы Санталат Юсупова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь кыштагында мал базар иштейт. Ал жеке ишкер И. Халиловко таандык. Бул базар Кыргыз Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июлундагы “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндөгү” № 377 токтомунун талаптарына ылайык гана заманбап таризде курулган. Мал базарга алынып келинген бардык мал-жандыктар биздин адистерибиз тарабынан такай көзөмөлдөнүп келатат.

Мындан тышкары Араван районунун аймагында мал союучу 5 атайын жай – касапкана иштейт. Ушул күнгө карата биздин эсебибизде 5 852 бодо мал жана дагы 795 кой союлду.

-Фарходжон мырза, эң башкысы: Араван жергесинде азык-түлүк коопсуздугуна деги олуттуу коркунуч жокпу?

-Жергебизде азык-түлүк коопсуздугун туруктуу сактоо иретинде биздин башкармалыктын алдында өзүнчө комиссия  иштеп жатат. Ал районубуздун бүт Аймактарындагы касапканаларга, тоок фермаларына, эт дүкөндөрүнө жана коомдук тамактануу жайларына үзгүлтүксүз мониторинг (байкоо-абай) салып турат. Ошондуктан, азырынча ашкере коптоонуга негиз жок!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

        Маектешибиз – Ош облусунун Араван райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Фарходжон АТАБАЕВ 1988-жылдын 8-январында Ош облусунун Араван районуна караштуу Сүткор кыштагында туулган. ОшМУну аяктаган. Кесиби: ветеринардык дарыгер. Мамлекеттик кызматтын 2-класттагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү. Эки уулдун жана эки кыздын атасы.

        Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17