Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 6 Бардыгы /

Бүгүн, Жалал-Абад шаарында 5-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Ага КР ӨКМнин КжАКБнын башчысы полковник Асан Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйрагым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамсалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, облустук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, мекеме – ишканалардан, жогорку жана орто окуу жайлардан студенттер катышты.

2024- жылдын 5 – сентябрынан 5 – октябрына чейин Бүткүл дүйнөлүк кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн бир айлыгы жарыяланып, район шаарларда жарандык коргонуу кызматынын катышуусу менен иш- чаралар уюштурулган.

Бүгүн, кырсыктын алдын алуу, өзгөчө кырдаал учурундагы биринчи жардам берүү, кандай кырсык катталбасын ага карата ыкчам иш алып баруу көрүнүштөрү аткарылды.

Иш-чарага “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан 2даана атайын унаа жана электр жабдыктары менен кызматкерлер катышты. Алар кокустан чыккан өрт кырсыгында энергетиктерге тиешелүү милдеттерди ыкчам көрсөтүштү.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17