Аймак

ОШТУК МУГАЛИМДЕР АТАЙЫН КУСТАРДА КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТЫШАТ

ОШТУК МУГАЛИМДЕР АТАЙЫН КУСТАРДА КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТЫШАТ

 6 Бардыгы /

Ош билим берүү институтунда 2024-2025-окуу жылына карата бекитилген жаңы графикке ылайык, мугалимдер үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстары дагы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылында уюштурулуучу курстарда заманбап билим берүү технологиялары жана окутуунун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулуп жаткан чагы. 

Быйылкы окуу жылындагы курстардын Программасында окутуу жараянында жапжаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мугалимдерге инновациялык ыкмаларды колдонууга жардам берген жасалма интеллект, Сингапур окуу усулдары боюнча лекциялар дагы кошулган. Муну менен катар «Алтын казык» Программасы дагы агартуучуларга кеёири тааныштырылууда.

Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева баса белгилегендей, жаңы кошулган темалар боюнча кошумча лекциялар жана практикалык сабактар катышуучулардын тажрыйбасын кеңейтүү үчүн гана киргизилген. Анын айтымында, атайын курстарга катышкан мугалимдер билим берүү тармагындагы акыркы тренддер менен таанышып, сабактарында жаңы технологияларды дагы кеңири пайдалана алышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17