Аймак

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ “БАЛДАР ҮЧҮН JAVASCRIPT” ЖАҢЫ КИТЕБИ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ПРОГРАММАЛООГО ҮЙРӨТӨТ

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ “БАЛДАР ҮЧҮН JAVASCRIPT” ЖАҢЫ КИТЕБИ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ПРОГРАММАЛООГО ҮЙРӨТӨТ

 6 Бардыгы /

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Жереми Морицтин “Балдар үчүн JavaScript” китебинин кыргыз тилине котормосу жарыкка чыкканын кабарлайт. Бул демилге Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Элчилиги жана Талим-Форум коомдук фонду тарабынан кыргыз тилиндеги билим берүү материалдарын өнүктүрүү үчүн кызматташтыкта жүргүзүлдү. 

Аталган китеп өспүрүмдөргө эң кеңири жайылган программалоо тилдеринин бири – JavaScriptтин негиздерин үйрөнүүгө  гана мүмкүнчүлүк жаратат. АКШ элчилиги Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Улуттук китепканасындагы Америка Борборунда китептин чыгышын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева менен бирге белгиледи. Кыска салтанаттан кийин аталган окуу китебинин авторунун видеокабары көрсөтүлдү. Ошондой эле Бишкектеги мектептердин компьютер мугалимдери үчүн китептин түзүмү жана анын өспүрүмдөргө программалоону үйрөнүүгө кандай жардам берерин түшүндүргөн кичи мастер-класс өткөрүлдү.

– Мен жакында “Окуу – билим азыгы, билим – бакыт азыгы” деген кыргыз макалы бар экенин эми гана билдим. Бул китептер жаш кыргызстандыктарга кыргыз тилинде колдоо боюнча жаңы билим алууга жардам берет жана аларды Кыргыз Республикасында маалымат технологияларынын өнүгүшүнө салым кошууга шыктандырат деп ишенебиз! – деди АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин маданий иштер боюнча кызматкери Жейк Уильямс.

Жереми Морицтин “Балдар үчүн JavaScript” китебинин которуу программасы окуучуларды китеп окууга үндөп, жергиликтүү басма тармагынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү менен бирге баалуу билимди жеткиликтүү кылууну көздөйт. Которулган китептер аймактардагы сегиз Америка Борборлоруна жана ошондой эле өлкөнүн орто мектептерине, коомдук китепканаларына бекер таратылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17