Аймак

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛАТ

 6 Бардыгы /

«Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнө» байланыштуу майрамдык салтанаттардын урматына «Торугарт-Автодорожный» жана «Эркечтам-Автодорожный» чек ара бекеттери ушул жылдын 1-октябрынан тартып 4-октярына дейре жабылат. 

УКМКнын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, «Торугарт-Автодорожный» жана «Эркечтам-Автодорожный» чек ара бекеттери аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү ары-бери өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 4-октярында гана жандандырылат.

Ошол себептүү УКМКнын Мамлекеттик Чек ара кызматы аталган күндөрү Кыргызстан жарандарын жолго чыкпай коюуну катуу эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17