Аймак

КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ДОКУМЕНТ АЛУУДА ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ДОКУМЕНТ АЛУУДА ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП КАРМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын «А» аттуу кызматкери, жер тилкесин бөлүштүрүп документтерин берүү үчүн 30 000 сом талап кылып жаткандыгын билдирген.
Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Быйылкы жылдын 28-сентябрь күнү Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Маданият айылында 30 000 сом өлчөмүндө акча алган учурда Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын кызматкери 1959-жылы туулган С.А. аттуу
жаран кармалды.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
96-беренесинин ылайык 1959-жылы туулган С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү жана мамлекеттик органдардын беделин түшүргөн кызмат адамдарынын катарын тазалоо боюнча иштер улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17