Аймак

Калмурза ЖАҢЫБАЕВ: “ТАЗА СУУГА ЗАРЫКТЫК!”

Калмурза ЖАҢЫБАЕВ: “ТАЗА СУУГА ЗАРЫКТЫК!”

 3 Бардыгы /

Айрым аймактардын чоң-кичине чоңдору ат тезегин кургатпастан гана улам алмашылып келатат. Бактыга жараша Ош облусуна караштуу КараСуу районундагы Ынтмак Айыл Өкмөтүндөгү Правда кыштагы мындай жышаандан дегеле алыс. 59 жаштагы Калмурза ЖАҢЫБАЕВ 2012-жылдан бери бул вазийпаны – Правда айылынын башчылыгын өтө чоң жоопкерчилик менен камчы салдырбастан гана аркалап келатат.

-Калмурза мырза, узак жылдар бою бир кызматта кыйшаюусуз иштеп келатканыңыздан сыры деги эмнеде?

-Чыры көп, бирок, сыры жок! Мен жашымдан эле абдан мээнеткечмин! Кайым айтышканды, бирөөнү док кылганды, анан дагы каратып туруп кызылдай калп айтканды жана дагы жалкоолукту жинимдей жек көрөмүн!

-Айылдын таштак жолдорун тегиз асфальтттатыпсыз го. Мындай трасса, көз тийбесин, а түгүл шаарларда деле жок?

-Ооба. Туура эле баамдапсыз. Көз тийбесин! Ушул айылдын кулуну, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, ички иштер министринин экс-орун басары, милициянын генералы Курсан Асановдун пайдасын биз, жердештери көп эле көрдүк. А киши мобул жолубузду бүтүндөй асфальтташтырып таштады.

-Жалпысынан  Правда деп аталганы менен бул кыштак чындыгында эки айылдан турат экен го?

-Муну деле илгиртпестен аңдапсыз да. Ооба. Биздин Правда айылыбыз жалпысынан Правда жана Достук айылдарынан куралган. Правдада – 11 жылдык, ал эми Достукта – башталгыч класттар мектеби бар.

-Анткени менен тогуз жолдун тоомунда, Ош-Бишкек автотрассасынын дал боюнда жайгашсаңыздар деле ичилүүчү таза сууга зар турбайсыздарбы?

-Ананчы! Жашырып не. Таза сууга ушул тапта чындап зар эле болдук! Биздеги таза суу түтүкчөлөрү тээтигил Союз маалында курулуптур. Буларды алдап-соолап дагыле иштетип келатабыз. Бурмалабастан ачыгын айтсам, правдалыктар таза сууга чындап эле зарыктык, эй!

-Анан бул боюнча Ата Мекендик АРИС уюмуна, же Дүйнөлүк донор уюмдарга сөзсүз кайрылбайт белеңиздер? Азыркы заманда бала ыйлабаса, ким эмчек салмак эле?!?

-Албетте, биздин деле жөн жаткан жерибиз жок! Азыр дал ошонун камын гана жеп жүрөбүз. Бул жагынан биздин тажрыйбабыз жетиштүү. Ушундай аракетибиздин аркасында Араб өлкөсү айылыбызга заманбап ФАП (фельдшердик-акушердик бекет) куруп, пайдаланууга тапшырды. Ал эми жеке ишкерибиз Мунарбек Асанов өз эсебинен мини футбол аянтчасын куруп, аны дагы иштетип атабыз. Буюрса, болочокто бул майданда спорттук иш-чараларды байма-бай өткөргөнгө зор мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат.

-А ФПСтин биз билген 60 гектар аянты азыр каякта?

-Эч пайдаланбастан жайдак жаткырган жокпуз. 60 гектар бүтжергиликтүү тургундарыбызга ижарага гана таратылган. Баары тең күнкарама, жүгөрү жана беде эгишти. Албетте, быйылкы түшүмү жаман эмес! Дыйканчылыкта дарбыз, картөшкө, сабиз жана пияз ыңгайлуу, ошондой эле абдан кирешелүү турбайбы. Буларды дагы быйыл тегиз эгишип, азыр анын үзүрүн гана көрүп жатышат.

-Калмурза мырза, көпчүлүк аймактарда айыл-кыштактардын аталышы дээрлик эскисине кайтарылбадыбы. А Сиздер антпепсиздер го. Келечегиңиздер кантет?

-Правда бойдон калат! Кыргызчасы – чындык! Биз СССРдин тушунда эл катарына кошулуп, улут катары калыптанганыбызды унутпайлычы, туугандар?!?

Ал эми айылыбыз тогуз жолдун тоомунда, көрдүңүз го, Ош-Бишкек автоунаа жолунун боюнда гана жайланышкан. Демек, ар тараптуу өнүгүүбүзгө кудайга өзү минтип зор шарт жараткан. Эми биз дал ушул шартыбызды сарамжалдуу жана максаттуу урунганга гана чындап милдеткербиз!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17