Өлкө аймактары менен кубаттуу
ТОКТОГУЛ РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
67 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди. Садыр Жапаров бүгүн болсо эксклавда жашап […]
68 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди. Садыр Жапаров бүгүн болсо эксклавда жашап […]
ПРЕЗИДЕНТ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНУН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна69 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен жолугушту.
Анда Мамлекет башчысы акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы жетишкендиктерин белгилеп өттү. Айрыкча быйыл азыркы эгемен Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бир топ объектилер ишке киргизилди.
Садыр Жапаров бүгүн болсо эксклавда жашап кыргызстандыктарды Кара-Суу районуна – Жаңы-Барак айылына көчүрүп, түптөлгөн жаңы конушту өрүлүктөп келгенин айтты. Ал акыркы жылдары өлкөдө бардык тармактарда алгылыктуу жумуштар жасалып, калктын жашоо-шартын жакшыртуу багытында сезилээрлик жылыштар байкалып жатканын белгиледи.
“Бул аракеттерден Тогуз-Торо району дагы куру эмес деп ойлойм. Тогуз жолдун тоому саналган, үч облус менен чектешкен Тогуз-Торо районунда да социалдык-экономикалык, инфратүзүмдүк, маданий иштер жүрүп жатат. Айыл чарбасы, өнөр жай, кайра иштетүү жаатында да иш-аракеттер жасалууда. Кышы катуу бул өрөөнгө зарыл болгон “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушу 2025-жылдын жай айларында толук аяктайт деп турабыз”, – деди Президент.
Мамлекет башчысы ошондой эле жакынкы убакта башталуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу да план боюнча мына ушул аймактан өтөрүн айта кетти. Бул ири долбоордун ишке ашуусу менен туңгуюктагы Тогуз-Торо району өлкөнүн транзиттик потенциалы чоң аймактардын бирине айланат.
Садыр Жапаров бул райондо социалдык-экономикалык мааниси чоң жолдор салынып, ал эми райондогу ички жолдорго асфальт төшөө ыраат-ырааты менен жүргүзүлүп жатканына токтолду.
Тогуз-Торо районундагы Союз мезгилинен бери каралбай калган “Казарман” аэропорту толук реконструкциядан өткөрүлгөнү – каттам тармагына байланыштуу дагы бир кубана турган көрүнүш. Президент анын ишке берилүүсү менен жашоочулардын жол азабы жеңилдеп, элдин эки жакка каттоосу бир топ жакшырат деген ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров мамлекет өлкө боюнча сугат суусуна өзгөчө көңүл буруп, каналдарды тазалоо, суу чыкпаган жерлерге суу чыгаруу, БСР, БДРлерди куруу иштерин колго алып жатканын белгиледи.
“Мен жергиликтүү бийликтин көмөгү астында, эң башкысы мына сиздердин – район жашоочуларынын биримдигинин арты менен ашар уюштурулуп, узундугу 9 чакырымдан ашуун “Доржу” каналын реконструкциядан өткөрүлгөндүгүнө абдан кубандым. Биримдиктин, ынтымактын, бир максатты көздөөнүн натыйжасында райондогу 456 гектар жерге сугат суусу жетип олтурат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.
Андан соң Мамлекет башчысы кызыккан суроолорун бериш үчүн жергиликтүү тургундарга сөз берди. Жергиликтүү тургундар негизинен бала бакчаларды ачуу, таза суу менен камсыздоо, туруктуу интернет байланышы, ички жолдорду жакшыртуу жана башка социалдык маселелерди көтөрүп, алар боюнча Садыр Жапаров Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге тиешелүү тапшырмаларды берди.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНЕН КАБАР АЛДЫ
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ПЛАТФОРМА ЛИФТИ ОРНОТУЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.