Аймак

ОШ ШААРЫНЫН МУРУНКУ ВИЦЕ-МЭРИ ЖАСУР АЗИМОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНЫН МУРУНКУ ВИЦЕ-МЭРИ ЖАСУР АЗИМОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Ош шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимов үй камагына чыгарылды. Бул фактыны Ош облустук сотунан дагы ырасташты.

Акыркы сааттарда Жасур Азимовдун бөгөт чарасы Ош шаардык сотунда  катуу каралып, аны үй камагына чыгаруу тууралуу чечими жарыяланган эле.  Буга дейре үлкөн аткминердин жактоочусу тарабынан баш коргоо чарасы катары үй камак түрүн тандоо боюнча сотко өтүнүч дагы келтирилген. Маалым болгондой, ушул жылдын 13-ноябрындагы сот отурумга күбөлөр келбей калгандыктан, Ош шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимовго байланышкан сот отуруму 18- ноябрга жылдырылган.

УКМК тараткан маалыматка караганда, Ош шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимов Кыргыз Республмикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин “Кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, адам саламатчылыгына жеңил зыян келтирген” беренеси боюнча айыпталып, акыры камалган. 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17