Аймак

КЕПИЛДИКФОНД ISO9001 ЭЛ АРАЛЫК ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТЫН АЛДЫ

КЕПИЛДИКФОНД ISO9001 ЭЛ АРАЛЫК ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТЫН АЛДЫ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 20-ноябрда “Кепилдик фонд” ААКтын кеңсесинде 9001:2015 шайкештик сертификатын расмий тапшыруу болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

9001:2015 эл аралык стандарт сертификаты “Кепилдик фонд” ААКтын башкармасынын төрагасы М. А.Абакировго CertInternationals.r.o.компаниянын аудитору А. Кичигин тапшырды.

Документ “Ишкердик субъекттерине жеке жана портфелдик кепилдиктерди берүү” жаатында сертификациялык жол-жоболордун алкагында аткарылган аудиттин жыйынтыктарынын негизинде берилген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айынын башында Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык стандарттарына ылайык сертификациялык аудитти ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган.

«Биз «Кепилдик Фонд» ААКты өлкөдөгү биринчилерден болуп, бүгүнкү күнгө чейин сапат менеджменти системасын өз күчү менен ишке киргизип жана ISO 9001 сертификатын алган жалгыз финансылык уюм экендигине сыймыктанабыз. Аудиторлор команданын кесипкөйлүгүн жана жетекчилердин компетенттүүлүгүн, ошондой эле кызматкерлердин өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруусун бөлүп көрсөтүштү”, – деди М.А. Абакиров.

Өз кезегинде CertInternationals.r.o.компаниянын аудитору А. Кичигин «Кепилдик фонд»ААКты системасы эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берерин баса белгиледи. Сертификат уюмдун мыйзам ченемдерин, ички регламенттерди сактагандыгын жана кардарлардын кызыкчылыктарына багытталгандыгын тастыктайт.

Маалымдама: ISO 9001 шайкештик сертификаты – эксперттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жана уюмдун сапат менеджменти системасы ISO 9001 эл аралык стандартына жооп берерин тастыктаган документ.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17